https://sputnik.kg/20250505/aksh-donald-tramp-sayasat-1093768275.html
Трамп Гренландияга аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок
Трамп Гренландияга аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу үчүн аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости... 05.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-05T12:20+0600
2025-05-05T12:20+0600
2025-05-05T12:20+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
саясат
https://sputnik.kg/img/07e9/04/16/1093477755_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_7d92454f0670fd6a23b8a01b46c323d3.jpg
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу үчүн аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматка ылайык, ага NBC News телеканалынын журналисти “Гренландияны басып алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайсызбы?” деген суроо узаткан.Трамп эл аралык коопсуздукту камсыздоо үчүн АКШ Гренландияга муктаж экенин баса белгиледи.Январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыйбаган ой экенин айткан.Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.
https://sputnik.kg/20250328/akshnyn-grenlandiyany-koshup-aluu-plany-1092951186.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/16/1093477755_120:0:2851:2048_1920x0_80_0_0_335d0725a01c20ef0acd3b7ec76e5a72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, саясат
дүйнөдө, акш, дональд трамп, саясат
Трамп Гренландияга аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу үчүн аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, ага
NBC News телеканалынын журналисти “Гренландияны басып алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайсызбы?” деген суроо узаткан.
"Болушу мүмкүн. Мен ошондой кылам деген жокмун, бирок жокко чыгарбайм", – деп жооп берген ал.
Трамп эл аралык коопсуздукту камсыздоо үчүн АКШ Гренландияга муктаж экенин баса белгиледи.
Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыйбаган ой экенин айткан.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.