00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как на самом деле работает закон о тишине в Бишкеке
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өткөн жылы Кыргызпатент авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как дополнительное образование помогает детям раскрыть потенциал и найти себя
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Көпчүлүк күткөн «Бейиш 2: Апама кат»! Орус актерлору Бондаренко, Майков, Щербаков, Алибутаев кошулду!
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
20:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Каркыра” тоо - эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Каркыра” тоо - эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда Адылбек Касымалиев комплекстин курулушу менен таанышып, иштин учурдагы абалы, жакынкы келечектеги пландар менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди талкуулады. Ал ошондой эле учурда Ысык-Көл облусунда заманбап туристтик кластерди түзүү боюнча масштабдуу долбоордун үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи. Таанышуунун соңунда Адылбек Касымалиев инвесторлорду ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Конституция элибиздин эгемендигинин, көз карандысыз мамлекет экендигинин далили эле эмес, калкыбыздын негизги таянычы жана башкы жол картасы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды 5-май - Конституция күнү менен куттуктоосунда билдирди. Төрага өз сөзүндө учурдагы Баш мыйзам биздин тарыхый тажрыйбабызды, улуттук баалуулуктарыбызды, ошондой эле коомдун талабы жана өнүгүү багытын эске алуу менен иштелип чыкканын белгилеген. Ошондой эле Конституциянын ченемдерин бекем сактап, мыйзамдуулукту жана жарандык жоопкерчиликти бекем сактоо менен гана гүлдөгөн Кыргызстаныбызды кура алабыз деген пикирин билдирген. “Конституция күнү менен чын дилимден куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Өлкөбүз өнүгүп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, - деген төрага.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүзгөн. Анын алкагында аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча дагы маектешүүлөр орун алган. ЖКККББнын басма сөз кызматынын кабарлашынча учурда Автобекеттерде абал туруктуу жана баары көзөмөлдө. Жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алуу фактыларына жол берилбейт.
АКШ Кытайдан келген товарларга импорттук бажы алымын азайтууга аргасыз болорун, антпесе эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин президент Дональд Трамп билдирди. Анын айткандарын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды. "Бир убакта мен аны төмөндөтөм, антпесе иш кылуу кыйын", — деген президент. Ошол эле учурда Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Кытайдан келген товарларга тыюу салынган соода тоскоолдуктарын азайтууга ниети жок экенин белгилеген. Ак үйдүн башчысы Кытай экономикасы АКШ киргизген импорттук салыктардан улам бүлгүнгө учурап жатат деген пикирде.
Жаңылыктар түрмөгү
0