00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
49 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
АКШнын согушу – шайтандын согушу: Жакынкы Чыгыштагы абал кандай?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Чоро Сейтов о драйверах роста экономики и борьбе с внешними шоками
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кеңири масштабдагы санариптештирүү: КУЭТ 2026-жылы 390 миң акылдуу эсептегич орнотот
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Конституция элибиздин эгемендигинин, көз карандысыз мамлекет экендигинин далили эле эмес, калкыбыздын негизги таянычы жана башкы жол картасы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды 5-май - Конституция күнү менен куттуктоосунда билдирди. Төрага өз сөзүндө учурдагы Баш мыйзам биздин тарыхый тажрыйбабызды, улуттук баалуулуктарыбызды, ошондой эле коомдун талабы жана өнүгүү багытын эске алуу менен иштелип чыкканын белгилеген. Ошондой эле Конституциянын ченемдерин бекем сактап, мыйзамдуулукту жана жарандык жоопкерчиликти бекем сактоо менен гана гүлдөгөн Кыргызстаныбызды кура алабыз деген пикирин билдирген. “Конституция күнү менен чын дилимден куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Өлкөбүз өнүгүп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, - деди төрага.
Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдады. Маалыматка ылайык, ал ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өндүрүш, туризм, курорттук тейлөө, транспорттук инфраструктура сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. “Инвестициялык аймак Ысык-Көл облусунда жайгашып, туризм жана логистика багытында жогорку потенциалы болот. Анда өзгөчө укуктук режим болуп, ишкердик үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул режимге салыктык жана укуктук жеңилдиктер, мисалы, киреше жана мүлк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн жеңил шарттар жана валюта операцияларынын эркиндиги кирет”, —деп жазылган документтин негиздемесинде. Министрлик мындай финансылык борборлор Дубайда жана Астанада ийгиликтүү колдонулуп жатканын белгилеген.
Сосновка айылында окуучу сууга түшкөн топту алам деп чөгүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 4-майда болгон. “Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринин окуучулары класс жетекчиси жана бир нече ата-эне менен чогуу экскурсияга чыгышкан. Эс алуу учурунда 15 жаштагы окуучу каналга түшүп кеткен топту алууга аракет кылып жатып, сууга чөгүп каза болгон”, — деп айтылат маалыматта. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы кошумчаланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу үчүн аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, ага NBC News телеканалынын журналисти “Гренландияны басып алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайсызбы?” деген суроо узаткан. "Болушу мүмкүн. Мен ошондой кылам деген жокмун, бирок жокко чыгарбайм", – деп жооп берген ал. Трамп эл аралык коопсуздукту камсыздоо үчүн АКШ Гренландияга муктаж экенин баса белгиледи.Январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0