https://sputnik.kg/20250505/1093768095.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзам — муундарды бириктирген, тарых менен келечек кыялды чагылдырган документ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 5-май — Конституция күнү менен... 05.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-05T11:00+0600
2025-05-05T11:00+0600
2025-05-05T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/05/1093767963_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b9612c271d62f25ebc092f82de2dfed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзам — муундарды бириктирген, тарых менен келечек кыялды чагылдырган документ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 5-май — Конституция күнү менен куттуктоосунда айтылган. Мамлекет башчы бул адилеттүүлүктү туу туткан элдин келечегине болгон бекем ишенимди эске салган маанилүү күн экенин белгилеген. “Ушул тапта Конституциябыздын деми менен башкарууда, экономикада, жарандарыбызды колдоодо, айтор бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуунун үстүндөбүз. Демек, биз ачык-айкын, тайманбаган туура жана татыктуу жолдо баратабыз”, — деген Жапаров. Өлкө башчы Баш мыйзам чечим кабыл алууда ар дайым багыт берүүчү алтын казык болуп турушун тилеген.
Китепкана, клубдарды жоюп, ордуна көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги даярдаган. Андагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү 1050 китепкананын ичинен 51и авариялык абалда, 214ү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми 650 айылдык маданият үйлөрүнүн 61и авариялык абалда, 199уна капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Мында аларды жоюп, ордуна бирдиктүү көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Бул борборлор жаштар, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болот. Маданият министрлиги жана жергиликтүү бийликтер үч ай ичинде китепканалардын натыйжалуулугу боюнча талдоо жүргүзүп, жоюлууга тийиш болгон мекемелердин тизмесин бекитет. Ошондой эле иштеп жаткан маданият мекемелерин модернизациялоо үчүн жаңы типтүү концепция иштелип чыгат. Ал эми китепканалардагы китептерди мектептерге өткөрүшү керектиги айтылган.
Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды. Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи. Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.
2014-жылы Россия крымдыктарды жана севастополдуктарды колдоо чечимин кабыл алууга мажбур болгон. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди. Ал "Россия. Кремль. Путин. 25 жыл" аттуу даректүү тасмада белгилегендей, андан бери өлкө Батыштын санкцияларынан улам олуттуу секирик жасады. "Биз Донбасстагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө ынтызар болдук. Бирок экинчи тараптын ою да, аракети да башкача болду. Россия Минск келишимдерине ишеним артып, макул болгон. Бул келишимдерге кол коюп жатып, алардын аткарылышына үмүт артканбыз, бирок өлкөнү жөн гана алдашты", — деди президент. Путиндин айтымында, 2014-жылы атайын аскердик операцияны баштоо мүмкүн эмес эле, анткени ал кезде Россия азыркыдай Батышка жалгыз туруштук бере алмак эмес.
Баш мыйзам — муундарды бириктирген, тарых менен келечек кыялды чагылдырган документ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 5-май — Конституция күнү менен куттуктоосунда айтылган. Мамлекет башчы бул адилеттүүлүктү туу туткан элдин келечегине болгон бекем ишенимди эске салган маанилүү күн экенин белгилеген. “Ушул тапта Конституциябыздын деми менен башкарууда, экономикада, жарандарыбызды колдоодо, айтор бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуунун үстүндөбүз. Демек, биз ачык-айкын, тайманбаган туура жана татыктуу жолдо баратабыз”, — деген Жапаров. Өлкө башчы Баш мыйзам чечим кабыл алууда ар дайым багыт берүүчү алтын казык болуп турушун тилеген. Китепкана, клубдарды жоюп, ордуна көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги даярдаган. Андагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү 1050 китепкананын ичинен 51и авариялык абалда, 214ү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми 650 айылдык маданият үйлөрүнүн 61и авариялык абалда, 199уна капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Мында аларды жоюп, ордуна бирдиктүү көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Бул борборлор жаштар, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болот. Маданият министрлиги жана жергиликтүү бийликтер үч ай ичинде китепканалардын натыйжалуулугу боюнча талдоо жүргүзүп, жоюлууга тийиш болгон мекемелердин тизмесин бекитет. Ошондой эле иштеп жаткан маданият мекемелерин модернизациялоо үчүн жаңы типтүү концепция иштелип чыгат. Ал эми китепканалардагы китептерди мектептерге өткөрүшү керектиги айтылган.Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды. Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи. Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.2014-жылы Россия крымдыктарды жана севастополдуктарды колдоо чечимин кабыл алууга мажбур болгон. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди. Ал "Россия. Кремль. Путин. 25 жыл" аттуу даректүү тасмада белгилегендей, андан бери өлкө Батыштын санкцияларынан улам олуттуу секирик жасады. "Биз Донбасстагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө ынтызар болдук. Бирок экинчи тараптын ою да, аракети да башкача болду. Россия Минск келишимдерине ишеним артып, макул болгон. Бул келишимдерге кол коюп жатып, алардын аткарылышына үмүт артканбыз, бирок өлкөнү жөн гана алдашты", — деди президент. Путиндин айтымында, 2014-жылы атайын аскердик операцияны баштоо мүмкүн эмес эле, анткени ал кезде Россия азыркыдай Батышка жалгыз туруштук бере алмак эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/05/1093767963_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eb054497c312ecbd1d3be4e7888ff7ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио