00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Темиркул Үмөталиев тууралуу 12 факт. "Кыз сүйө электе Аркытты сүйгөн" жоокер акын

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев (оң жакта) манасчы Саякбай Каралаев менен. Архив
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев (оң жакта) манасчы Саякбай Каралаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2025
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата эстей турган, эстөөгө милдеттүү болгон адамдардын катарында кандуу майданга катышкан акын-жазуучулар да бар. Алар калемин мылтыкка алмаштырып, чыгармаларын окоптордо жазган.
Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жума Жамгырчиев, Кусейин Эсенкожоев өз милдетин аткарууда душман колунан каза таап, сөөгү бөтөн жерде калды. Түмөнбай Байзаков, Жунай Мавлянов, Абдулхай Алдашов жараланып келип, өмүрү өткөнчө согуш темасына кайрылып турду. Узакбай Абукаимов урушка советтик офицер катары кирип, "Майдан" классикалык романын жаратты. Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев алгачкы чыгармаларын ок менен от аралап жүрүп жазды. Мына ошолордун катарында "кыз сүйө элек кезинде Аркытты сүйгөн" жоокер акын Темиркул Үмөталиев да бар.
Биз бүгүн ошол жоокер акын тууралуу 12 факт менен кеп кылабыз.
Туулган жери жана жаштык мезгили. Падышалык Россиянын Наманган уездинин Төө-Жар (азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу) айылында туулган. Туулган мезгилин 1908-жылдын 1-майы деп кийин каттаган сыяктанат. Атасы Үмөталы эмгекчил, дыйкан, жоош киши болсо, чоң атасы Эсеналы көп жерге таанылган чебер уста экен. Атасы Төө-Жарды таштап, Жүзүмжанга баш калкалап барууга аргасыз болот да, ошол жерден Кубат деген мергендин кызы Кайнарга баш кошот. Кайнар эненин апасы ырчы, жомокчу болгон. Темиркулдун бала чагы Тегене айылында өтөт. Бул айыл тоо арасында, булуттарга жакын, көк кашка суу аккан, арча-бадалдуу, карыялары сөзмөр, чечендер менен комузчулар, ырчылар менен күүчүлөр көп чыккан керемет аймак эле. Сегиз жашында атадан ажырап, апасы да тагдырынын айынан бөтөн болуп (өлдү деп жүргөн апасын акын 20 жылдан соң табат), Осмоналы, Ормотой молдо деген бай кишилердин малайы катары кой-эчкисин кайтарып кызматын кылып жүрдү. Жылаңач этине эчкинин терисинен жасалган куур тон кийип, тоё тамак жебеген баланын мойну алманын сабагындай ничке, курсагы чердейип, буттары ийрейип өспөй калган. Бирок зээндүү эле. Ормотой молдодон куран аяттарын үйрөнөт, өз алдынча аптээк окуп калат, ырларды чыгарат, "Манасты", "Саринжи-Бөкөйдү", "Олжобай менен Кишимжанды" аз-аздан айта турган болот. 1923-1925-жылдары атактуу Жуманалы болуштун салынды аялынын үй иштерине каралашып жүргөндө анын уулу Акбар Ташкенден окуудан келип калып, баланы интернатка киргизмекчи болуп жетимдерди чогултуп жүргөн кишиге кошуп берет. Кеңеш өкмөтүнүн ошол жетим балдар үчүн интернаты окутуу, кийиндирүү, ичиндирүү кызматын алат. Бул 1925-жыл эле. Интернат айылда – Ак-Сууда болчу. Аны "Жетимдер үйү" же "Арстаналынын мектеби" деше турган. Ал мезгилде элдин кат-сабатын жоюу өкмөт менен партиянын биринчи милдети болгон. Кат-сабаты ачылган жигитти өкмөт 1926-жылы Оштогу педагогикалык техникумга киргизип, ал окуу жайын Жалал-Абад шаарына которуп, ошол куттуу жайлар ага билим берип, Жоомарт Бөкөнбаев менен чогуу окуп, диплом алган соң идиректүү болгону үчүн алыскы мектепке – Ноокатка мугалим-уюштуруучу кылып жиберет.
Ноокаттагы агартуучулугу. Шаңкөлдүк кызды сүйүүсү. 1929-жылы жаш кадр Ноокаттын Байыш айылына келип, "Ак мектеп" деген билим берүү мекемесинде окуу-тарбия иштерин уюштурат, балдардын гана эмес, чоңдордун да сабатын ачууга жан үрөп киришет. "Бир кезде жүрдүм Ноокатта, карабай үй-жай, оокатка, колуна түштүм кайыптын, каңгырап жүргөн тоо-ташта" деп жазат кийин. Ошол кезде жаралган алгачкы сүйүүсүн шаңкөлдүк кызга арнайт, аны менен ай жарык түндөрдө бирге жүргөнүн, кыздын ага ыктап басканын, "энем үйдө, кош" деген назик үнү менен коштошуп кеткенин, кийин акын алыс кетип, жазыксыз кыз айылда кала бергенин жазат. Ушул кезде кожокелик кетменчи Туратбай деген адам менен таанышат. Анын өмүр жолунан, ошол чөлкөмдөгү Нурмат бай, Акунбай бий, Жунушалы дегендер менен күрөшүнөн алып "Туратбай" поэмасын жазып, 1938-жылы чыккан ушул көлөмдүү чыгармасы адабият чөйрөсүнө атын жакшы таанытат. Ноокатта эки жылдай мугалим, ал кездеги чоң саясый кызматтардын бири "кызыл үй" башчысы, партиянын райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, бул районду "советтештирүүгө" жана агартууга чоң салым кошкон.
30-жылдардагы кызматтары. Ноокатта иштеп келген жаш жигитти 1931-жылы апрелде Фрунзеге алып келишип, Кыргыз обком комсомолдук аппаратында бөлүм башчы кызматына коюшуп, борбордо такшалдырып, 1932-жылы адегенде Ташкентте, анан 1936-жылы Москва шаарындагы Коммунисттер институтунун журналисттерди даярдоочу кыска мөөнөттүү курстарын сырттан окуп бүтүрөт. Ал кезде мындай билим алуу чоң кызматка жол ачуу болгон. 1933-жылдын күз айынан 1935-жылдын август айына чейин Ошто Араван райондук машина-трактор станциясына (МТС) саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча орун басары кылып жиберишет. Мына ушул кызмат орундары аны саясий жактан жетилдирет, эл менен иштөөгө үйрөтөт, эң негизгиси, болочок чыгармаларына тема жана каармандарды табат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин Бишкектеги эстелиги
Дождливая погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2025
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин Бишкектеги эстелиги
Чыгармачылык чыйырдын башталышы. Темиркул Үмөталиев педтехникумда окуп жүргөндө эле, 1928-1929-жылдарда, ырларды жазып келген. Алгачкы ырлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине басылып, элге эң биринчи кезекте социалисттик эмгекти даңазалаган акын катары тааныла баштаган. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун I съездине катышып, Максим Горькийдин колунан Жазуучулар союзуна мүчөлүк күбөлүгүн алган. Таланты жана партиялык-комсомолдук иштерде такшалгандыгы партиянын борбордук комитети тарабынан жактырылып, 1935-1937-жылдарда "Кыргызстан пионери" гезитинде башкы редактор, "Ленинчил жаш" гезитинде башкы редактордун орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп, өзүнүн чыгармачылыгын да өркүндөтөт, башка жаш таланттардын да тушоосун кесет. 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын секретары кызматын аркалайт. 1935-жылы биринчи, 1936-жылы экинчи, 1937-жылы үчүнчү ырлар жыйнактары чыгат да, адабий чөйрөгө батыл аралашат. Согушка чейин чыккан "Гүлдөр өлкөсү", "Туратбай", "Күч бирдикте", "Алп кара куш", "Токтомуш мерген" деген китептери анын элдик оозеки чыгармачылыктын салттарын катуу сактаган, фольклордогудай сүрөттөөлөр менен жазган акын экендигин көрсөттү. Ал фольклордук сюжеттерди кайра иштеп чыгып, андай чыгармалары окуу китептерине киргизилип, балдарды тарбиялоого салым кошту.
Жаңы замандын аялдары. Акын Канышбек ("Канышбек"), Жыпар ("Жыпар"), Айсулуу ("Айсулуу") сыяктуу аялдардын керемет образдарын жаратты. 1939-жылы жарыяланган "Айсулуу" поэмасы жаштардын өзгөчө сүйгөн чыгармасына айланган. "Айсулуу" поэмасындагы башкы каарман "Айсулуу чынында эле бир сулуу кыз, бир көрсөң көпкө чейин унутулгус, жаркылдап адеп менен күлүп сүйлөп, сөзү бар не бир сонун ойдон чыккыс". Ошол "ак бетин ажыратып болбос айдан" деген кыздын айлында Авазбек деген жигит жашайт, ал болсо "орто бой, кырдач мурун, кара тору, келишкен сулуу жигит көрсөң сырттан". Айсулуунун атасы Курбанбай жаңы замандын кишиси, кыз өз теңин өзү тапсын дейт. Ал тапкан теңи Авазбек бардык-жогу келишкени менен кыз эмгек жазган дептерин аңтарып караса, "он айда иштегени кырк эмгек күн" экен да, "жалкоого кыз айтабы тиемин деп" деп, жалкоолукту, жатып ичерликти келекелейт. Бул чыгарма 1939-жылы Москва шаарында "Москва" конок үйүндө кыска мөөнөттө эле жазылып бүткөн. Поэма жаштарды эмгек кылууга чакыргандыгы менен өз кезигинде өзгөчө мааниге ээ болгон. Мына ошол эмгек темасы анын "Түштүгүм түмөн ак алтын", "Ферганынан талаасы", "Пахта башында", "Пахта чабыгы", "Пахта терими" ж.б. ыр-поэмаларында чагылдырылган.
Улуу Ата Мекендик согушта жоокер жана акын катары өзүн көрсөткөн. Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын секретары, он бир китеби чыккан таанымал акын болгону үчүн ал "бронь" менен согушка алынбашы керек эле. Бирок андай болбоду. Дароо эле согушка кетти. "Жердин бетин кызыл жалын каптады, койдой жайнап танк тебелеп таптады, баарынан да батып кетти жаныма, биздин жерден биздин кандын акканы" деп, Калинин, Түндүк Кавказ, Закавказье жана Экинчи, Үчүнчү, Төртүнчү Украин фронтторунда жоокер катары урушка кирип, Калинин (Тверь), Түндүк Кавказ, Түштүк Украина, Молдавия, Румыния, Югославия, Венгрия, Австрия жерлерин душмандан бошотууга катышты. Европанын жарымына взводдун командири, ротанын саясий жетекчиси, батальондун парторгу катары колундагы куралы менен элге эркиндик берип жүргөн акын бошой калганда окоп ичинде, токойлордо, талаа-түздө ырларын жаза койчу. Бул ырлары менен кыргыз поэзиясына "окоптук чындык", "согуш майданынан репортаж" болуп кирип, мекенчилдик темасы өзгөчө орунга чыкты. Согушта жараланды, орден-медалдарга ээ болду. Австрия жеринде жеңиштин даамын татып, туулган жерине 1946-жылы кайтып келди. 1943-жылы "Жеңиш ырлары", 1946-жылы "Жеңиш" деген жыйнактарын чыгарып улуттук поэзиянын чегин тематикалык жактан да, географиялык жактан да, образдык жактан да кеңитти. Булардын ичинде "Кубат" поэмасы өзгөчө орунда турат.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев жана анын жолдоштору Венгрия бошотулгандан кийин. Венгрия. 1944 жылы
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2025
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев жана анын жолдоштору Венгрия бошотулгандан кийин. Венгрия. 1944 жылы
Леринц Сабонун үй-бүлөсүн жана китепканасын сактап калган. Будапешт шаарын бошотууда Темиркул Үмөталиев Венгриянын классик акыны Леринц Сабонун (1900-1957) үйүнө, бай китепканасына фашисттердин өрттөп же талап кетүүсүн алдын алып, жеке өзү камкордук кылган. Мунусу үчүн Сабо "Темиркул Үмөталиев" деген ырында "Сен аркылуу каным калды бир ууртам, анан кантип мен өзүңдү унутам" деп чыгарма жазып, советтик капитанга ыраазычылык билдирген.
"Манас" эпосун жана Токтогул Сатылгановдун мурастарын элге жеткирүүдөгү эмгеги. 1935-жылы Темиркул Үмөталиев элдик таланттарды издеп Ысык-Көл өрөөнүн кыдырып жүрүп Тоң районунда Саякбай Каралаев менен кездешет. Анын манасчылык өнөрүн жогору баалап, борборго чакыртып, улуу жомокту жазууга киришет. Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын секретары кезинде, 1938-жылы, өзү жолдомо берип, Саякбай манасчыны Жазуучулар союзуна мүчө кылып алат. "Манас" орусчага которулуп жатканда 1939-жылы күз айларында Москвага барып, бир ай туруп котормочуларга текстти түшүндүрүп берип кеңешчилик кылган. Союзда секретарь кезинде "Манасты" гана эмес, "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Эр Төштүк", "Саринжи-Бөкөй", "Олжобай менен Кишимжан", "Кедейкан" дастандарын эл арасынан жаздырып, китеп кылып чыгаруу жумуштарын аткарган. 1952-жылдагы "Манас" эпосунун элдүүлүгү тууралуу бир нече күнгө созулган конференцияга активдүү катышып, мазмундуу баяндама жасаган Мухтар Ауэзовду колдоп турган. 1954-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы ачылганда Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков менен акылдашып Манас таануу секторун ачууга демилге көтөргөн. 1964-жылы Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгын өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын башчысы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президимунун төрагасы Төрөбай Кулатов болсо, орун басары Темиркул Үмөталиев болуп, өтө көп иштерди аткарышкан, алардын ичинде Кетмен-Төбөдөгү ири электр станциясына Токтогулдун атын берүү, 1967-жылы адабият жана көркөм өнөр тармагына Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарып туруу маселелери бар эле. Ал Токтогулду биринчи жолу 1925-жылы Тегенеде Айтмырза бийдин ашында, экинчи жолу Ош педтехникумунда окуган кезде, 1928-жылы Сарчечекей жайлоосунан көрөт. Кийин улуу акындын мурастарын элге жеткирүүгө кызмат кылат.
Согуштан кийинки коомдук ишмердүүлүгү. 1946-1947 жана 1951-1952-жылдарда Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун партиялык уюмунун катчысы жана ошол эле кезде "Советтик Кыргызстан" (кийинки "Ала-Тоо") журналынын башкы редактору катары адабиятты катуу тартип менен кармап турган Москванын көз карашына ылайык иштерди жүргүзүп берген, эң негизгиси, калыс жана түз жүргөн адам катары ыйкы-тыйкылуу жазуучулардын башын бириктире алган. 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун Кыргыз ССРи боюнча башкармасынын төрагасы болуп да иштеди.
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКыргыз маданият ишмерлери Темиркул Үмөталиев, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Күлүйпа Кондучалова, Байдылда Сарногоев жана Акбар Токтакунов
Декада кыргызского искусства и литературы в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2025
Кыргыз маданият ишмерлери Темиркул Үмөталиев, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Күлүйпа Кондучалова, Байдылда Сарногоев жана Акбар Токтакунов
Котормочу. Ал кыргыз тилине Александр Пушкиндин, Владимир Маяковскийдин, Михаил Лермонтовдун, Николай Некрасовдун, Ярослав Смеляковдун, Николай Тихоновдун, Янка Купаланын, Мирзо Турсун-заденин, Алишер Навоинин, Абулкасым Лахутинин, Ясыр Шивазенин ж.б. акындардын чыгармаларын которгон.
Темике тууралуу замандаштары мындай дейт: "Темике билгенге өтө бала кыял, ачык айрым, ак көңүл, жоомарт, өтө ишенчээк жана курч, тайманбас көк жал адам эле. Жакшы көргөн кишинин алдында агынан жарыла төгүлүп калчу. Кас көргөнүн албарс кылычча шылып таштачу. Темике менен кошулуп жол жүргөндөн ыракат алчубуз. Жоомарттыгы өзгөчө, тим эле чачылып калар эле. Үйүндө конокто болгонубузда дасторконунун молдугун, берекесин айтпа, өзүнчө бир жомоктогудай жайыл дасторкон сезилчү. Жыйындарда топ бузуп, тим эле алоолоно күйүп турчу. Темике өтө курч болчу. Бирок ылайым кекчил эмес эле. Тез жазылып, ыктуу сөзгө жыгылып калчу" (Асанбек Стамов). "Темике акын катары өтө таланттуу, алп жазуучу болсо, адам катары кең пейил, ой дүйнөсү кенен, өтө март жана өтө өткүр адам эле. Ал полемикага келгенде эч кимден тайманбаган курч, чечен болчу. Бирок көкүрөгүнө кек сактабаган ак пейил жан экендигин да жакшы билебиз. Темике кыргыз элин өрөөндөргө бөлбөгөн, жердешчиликти, уруучулукту жек көргөн, эл-журттун накта айкөл уулу эле. Темикенин кыргыз элинин биримдигин көздүн карегиндей сактап, улуттар арасындагы ынтымакты кыйшаюусуз жактаган асыл сапатын да билебиз" (Турдакун Усубалиев). "Ал киши өзүнчө эле бир жандуу энциклопедия болчу. Тарыхый окуяларды, жер-суу аттарынын чечмеленишин, легенда-уламыштарды жакшы билип, төкпөй-чачпай айтып берчү. Ал турсун "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү да жакшы айтарына күбө болдум... Темикемдин поэзиясы — өз заманына жооп берген чоң поэзия. Кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө залкар акын эбегейсиз салым кошту. Темикем улуу адам, улуу акын эле!" (Чыңгыз Айтматов) ж.б.
Эмгекке жараша даңк. Жетекчилер арасында кадыр-барктуу болгон. Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүмбаев, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Күлүйпа Кондучалова, Абсамат Масалиев саяктуу партиялык-советтик кызматкерлер, Иса Ахунбаев, Курман-Гали Каракеев, Болот Юнусалиев өңдүү окумуштуулар, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Коргол Досуев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Байдылда Сарногоев, Жунай Мавлянов сыяктуу акын-жазуучулар аны өзгөчө сыйлап турган. 1959-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести катуу сындалып жатканда ал чыгарманы колдоп чыккан, кийин экөө бири-бирин ага-ини тутуп жакшы мамиледе болушкан. 1968-жылы акындын 60 жылдыгы Жаңы-Жол районунда өткөндө жанында Чыңгыз Айтматов коштоп жүргөн. Алардын баары аны урмат менен Темике деп турушчу. "Бактылуу элдин бактылуу акыны", "Душманы жок киши" дешчү. Бул сыйга ал карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү, тыкандагы, кичи пейилдиги менен жетти. Зайыбы Зуура (акын аны ар дайым Зукеш дечү) эже, журналист, аялдар журналын уюштуруучу, акындын ырларынын биринчи редактору болгон. Жалгыз кызы Жамал Темиркуловна Ломоносов атындыгы ММУну бүтүргөн, искусство таануучу катары жалпы союзга белгилүү эле. Анын кызы Чынар Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын теория факультетинде окуган биринчи кыргыз болсо, анын балдары Турсунбек, Тургунбек деген чөбөрөлөрүн өзгөчө сүйүп жашады. Темиркул Үмөталиев 1992-жылы 84 жашында каза болду. Акыркы күнү да ырларын жазып кетиптир. Эгемендүүлүгүбүздү көрүп калды. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендерин алган, 1968-жылы Кыргыз эл акыны наамы берилген, 1982-жылы "Too гүлдөрү" аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Бишкек шаарындагы №67, Аксы районунун Кербен шаарындагы №35 жалпы билим берүүчү мектептерге, борбор калаадагы чоң көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылган. Эркиндик бульварына эстелиги орнотулган. Анын сөзүнө Мукаш Абдраев "Азгырба мени, алдаба", "Биздин Таалай", Жумамүдүн Шералиев "Тынчтык үчүн", Насыр Давлесов "Люблю Россию" (орусчага Михаил Ронкин которгон), Жылдыз Малдыбаева "Таңшы, комуз", "Кыргыз эл", Муратбек Бегалиев "Эстен кетпейт" ж.б. обондор жазылып, автордун аты ободо, сахнада жаңырып келет.
Кыргыз поэзиясынын Чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2024
Кыргыз поэзиясынын Чолпон жылдызы Алыкул Осмонов тууралуу 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0