Депутат интернет-алдамчыларга көмөк кылгандарды жоопко тартууну сунуштады
© Getty Images / Jordan LyeТүнкүсүн шаардын жарыктарынын фонунда алдамчы. Иллюстративдик сүрөт

© Getty Images / Jordan Lye
Жазылуу
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Электрондук капчыгын, банктык реквизитин жана SIM-картасын үчүнчү жактарга бергендерди, саткандарды жоопко тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков даярдаган.
Демилгечи кибералдамчылык өскөнүн белгилеп, былтыр IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголуп, анын 796сы ачылганын билдирген. Депутат бул статистика болжолдуу экенин, анткени чоң суммадагы акча жоготкондо гана укук коргоо органдарына кайрылышарын айткан.
"Криминалистикалык анализге ылайык, алдамчылар көбүнчө "дропперлердин" банктык эсептери, электрондук капчыктары жана мобилдик банкингдери аркылуу акчаны чыгарып кетет. Алар реквизиттерин берип, ал үчүн белгиленген акча алышат. Демек, кылмыштуу схемаларга билип туруп катышат. Бирок учурда мындай аракеттер үчүн жоопко тартууга мүмкүндүк берген норма жок. Натыйжада "дропперлер" жоопко тартылбай, ал эми алдамчылар алардын артында жашынып келет", — деп жазылган мыйзамда.
Мындан улам Кылмыш кодексин 209-1 беренеси менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, электрондук төлөм каражаттарын, банктык реквизиттерди жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу, ошондой эле аларды мыйзамсыз каржылык операциялар үчүн пайдалануу үчүн жоопкерчиликти белгилейт.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй жазалар каралган:
аз өлчөмдөгү зыян келтирилсе 20-50 миң сом айып салынат;
топ менен же алдын ала сүйлөшүп олуттуу зыян келтирилсе 50-100 миң сом айып салынып, 2 айдан 1 жылга чейин кара жумушка же 3 жылга кесилет;
ири өлчөмдө зыян же кызматтык абалды пайдалануу менен жасалса 100-200 миң сомго чейин айып же 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат;
өзгөчө ири зыян, уюшкан топ менен жасалса 5-10 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат жана 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат.