00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда отчеттуулукту азайтууну тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү мекемелердеги ашыкча отчеттуулук жүгүн азайтуу чараларын баштады. Бул чечим саламаттык сактоо тармагындагы бюрократияны кыскартууга, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Алдыдагы айларда отчеттук документацияны кайра карап чыгуу жүргүзүлөт. Анын алкагында кайталанган жана эскирген формаларды алып салуу, клиникалык же башкаруу чечимдерине таасир этпеген отчетторду жокко чыгаруу, маалыматтарды чогултуу процессин санариптик инструменттер аркылуу оптималдаштыруу пландалууда.
Талас районунда жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас районунун Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Анын ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Инвестиция тартуу менен бул өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 миллион сом жумшалган. Жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке кирсе өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт. Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Баткен облусунун Лейлек районунда залкар акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган 35-эл аралык поэзия фестивалы өттү. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, коңшу өлкөлөрдүн жаштары жана коноктору чогулуп, маданий байланыштарды жана руханий биримдикти бекемдешти. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. "Биздин эл поэзияны чын жүрөктөн сүйөт, анда биздин бүт жан дүйнөбүз жана тарыхыбыз, кыялдарыбыз жана тажрыйбаларыбыз бар. Бул жерде Лейлек, Баткен жергесинде жүрөктөрдү бириктирген саптар жаңырууда. Мындан ары да бул жерде тынчтыктын жана ынтымактын символу катары поэзия гана өкүм сүрсүн", — деди Байсалов. Иш-чара УТРКнын "Маданият" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлдү.
Кыргызстан, Армения жана Казакстан жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Россия менен Беларустун ортосундагы тиешелүү келишим 11-январдан тартып күчүнө кирген. Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары аталган эки өлкөнүн ортосунда темир жол, аба жана автомобиль жолдору аркылуу эркин каттай алат. Мурда Армения, Казакстан жана Кыргызстан жарандары Россия менен Беларустун ортосунда авиакаттам менен гана жүрө алышчу. Бул кымбат жана ыңгайсыз болгондуктан 15-апрелде комиссиянын коллегиясы тоскоолдукту жоюу маселесин караган. "ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш тынымсыз жүргүзүлүп, мындан ары да улантылат. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы адамдардын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүн камсыздап, ошондой эле биримдиктеги ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди ЕЭКтин министри Варос Симонян.
Жаңылыктар түрмөгү
0