00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Трамп АКШ импорттук салыктан ири киреше алып жатканын айтты

© AP Photo / Alex BrandonАКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. АКШга жаңы киргизген бажы алымдарынан "рекорддук" суммалар түшүүдө, ал эми өлкөдө дээрлик бардык товарлардын наркы жана инфляция төмөндөп жатат. Мындай постту АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаганын РИА Новости жазды.
"Кошмо Штаттар пошлиналардан улам рекорддук суммаларды алып жатат, бирок муну менен катар эле бензинди, азык-түлүктү жана калгандарын кошкондо бардык товарлар арзандоодо. Инфляция да ылдыйлады. Берилген убадалар аткарылды", — деп жазган ал.
Ipsos компаниясы жана Washington Post басылмасы февралда жүргүзгөн сурамжылоо америкалыктардын 53 пайызы Трамптын экономиканы башкаруусун жактырбагандыгын көрсөткөн, 90 пайыздан ашыгы тамак-аштын баасына нааразы болгонун айтышкан. 70 пайыздан көбүрөөгү бензин менен энергиянын наркына ичи чыкпаганын айтса, ушундай эле сандагы киши кирешенин орточо деңгээлине нааразы болгон. Америкалыктардын 70 пайызына чукулу пошлиналар товардын баасын көтөрүп, америкалык жумушчулар менен өндүрүшчүлөргө зыянын тийгизерин айтышкан.
Эске салсак, 2025-жылдын 2-апрелинде АКШ президенти Дональд Тармп башка өлкөлөрдөн келген товарга бажы алымы кирерин билдирген. Вашингтондун бул аракети көптөгөн дүйнөлүк лидерлердин нааразычылыгын жараткан.
Ак үйдүн кожоюну бажы алымынын эң төмөнкү чеги 10 пайыз болорун, анткен менен тариф ар өлкөгө өзүнчө бекитилерин белгилеген болчу. Трамптын айтымында, сумма мамлекеттердин америкалык товар үчүн алган пошлинасынын жарымын түзөт. Бирок Ак үйдүн башчысы чечимин өзгөртүп, 75 мамлекетке ар кыл көлөмдөгү тарифтерди токтото турмак болгонун билдирген.
Бул салык саясаты Кытай менен АКШнын ортосундагы ажырымды дагы чоңойтту. Кытайга карата жаңы пошлина мурункусуна кошулуп, алгач жарыяланганда эле 54 пайызды түздү. Буга жооп кылып Пекин америкалык товардын баарына 34 пайыздык бажы алымын киргизген. Вашингтон 104 пайызга көтөрсө, көз узабай эле Пекин 84 пайызга жогорулаткан. Мындан кийин Трамп биринчи 125, андан соң 145 пайыз кылып жиберди. Ага улай Кытай да чекти 125 пайызга жеткирди. Ошентип ушу тапта эки державанын салыктык тирешүүсү чыңалып турган чагы.
Кытай юаны жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2025
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын бажы алымы соода кризисин жаратат. ДСУ менен Кытайдын билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0