https://sputnik.kg/20250407/1093149957.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан... 07.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-07T09:00+0600
2025-04-07T09:00+0600
2025-04-07T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/07/1093149825_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_77888eca8dc62f60e750e73574f9a849.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Кыргызстан баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фондунун Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобуна мүчө болду. "Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарга каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Бишкек шаардык мэриясы турак жайы дарыя, каналдарга 15 метрден жакын аралыкка "кирип кеткен" үй ээлерине кайрылды. Мекеме Бишкек шаарынын суу объектилери үчүн суу коргоо тилкесинин туурасы эң аз дегенде 15 метрди түзөрүн эскерткен. Буга байланыштуу шаарда тилкеден чыгып кеткен объектилерди аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү. "Объектилериңдерди талапка ылайык келтирип берүүңүздөрдү суранабыз, антпесе муниципалитет мыйзам чегинде чара көрөт", – деп жазылат маалыматта. Ошондой эле мэрия сууга саркынды кошулуп кеткен учурлар катталганын белгиледи. Мындай мыйзам бузгандарга тез арада аны жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык инспекцияга айып салуу тапшырмасы берилген.
Кытай АКШнын бардык товарларына 34%дык жооп тарифтерин киргизүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазды. Маалыматка караганда, жаңы тарифтер 10-апрелден тарта киргизилет. "Бул кадам Американын президенти Дональд Трамптын тариф саясатына жооп катары жасалды. АКШнын аракеттери эл аралык соода эрежелерине туура келбейт. Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузат жана бир тараптуу коркутуулардын типтүү көрүнүшү болуп саналат", - деп айтылат Кытайдын мамлекеттик кеңешинин билдирүүсүндө. Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга 25%дык бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Импорттук товарларга эң төмөнкү базалык тариф 10% өлчөмүндө болуп белгиленген.
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Кыргызстан баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фондунун Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобуна мүчө болду. "Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарга каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.Бишкек шаардык мэриясы турак жайы дарыя, каналдарга 15 метрден жакын аралыкка "кирип кеткен" үй ээлерине кайрылды. Мекеме Бишкек шаарынын суу объектилери үчүн суу коргоо тилкесинин туурасы эң аз дегенде 15 метрди түзөрүн эскерткен. Буга байланыштуу шаарда тилкеден чыгып кеткен объектилерди аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү. "Объектилериңдерди талапка ылайык келтирип берүүңүздөрдү суранабыз, антпесе муниципалитет мыйзам чегинде чара көрөт", – деп жазылат маалыматта. Ошондой эле мэрия сууга саркынды кошулуп кеткен учурлар катталганын белгиледи. Мындай мыйзам бузгандарга тез арада аны жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык инспекцияга айып салуу тапшырмасы берилген.Кытай АКШнын бардык товарларына 34%дык жооп тарифтерин киргизүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазды. Маалыматка караганда, жаңы тарифтер 10-апрелден тарта киргизилет. "Бул кадам Американын президенти Дональд Трамптын тариф саясатына жооп катары жасалды. АКШнын аракеттери эл аралык соода эрежелерине туура келбейт. Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузат жана бир тараптуу коркутуулардын типтүү көрүнүшү болуп саналат", - деп айтылат Кытайдын мамлекеттик кеңешинин билдирүүсүндө. Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга 25%дык бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Импорттук товарларга эң төмөнкү базалык тариф 10% өлчөмүндө болуп белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/07/1093149825_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8d0cae33f2dd1edeac33c05d753dd488.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00 07.04.2025 (Жаңыртылды: 09:10 07.04.2025) Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Кыргызстан баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фондунун Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобуна мүчө болду. "Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарга каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.