00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спилили любимый тополь - случайно или по науке? Фитопатолог о логике решений
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Иран президенти АКШ менен эпке келүүнүн шартын атады

© Фото / пресс-служба кабмина КРИран президенти Масуд Пезешкиан. Архив
Иран президенти Масуд Пезешкиан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN мамлекеттик агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Иран Ислам Республикасы тең укуктуу позицияда сүйлөшүүнү каалайт. АКШ бир жагынан коркутуп жатат, экинчи жагынан диалогго умтулууда. Эгер сүйлөшүүлөрдү кааласаңар, анда коркутуунун эмне кажети бар? Бүгүн Вашингтон Иранды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн опузалоодо, мындай аракет сүйлөшүү ниетине каршы келет", — деди Пезешкиан.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.
Марттын башында Трамп Ирандын руханий лидери Али Хименейге кат жолдоп, өзөктүк программа боюнча Тегеран менен келишим түзүүнү каалай турганын билдирген.

Маселенин чоо-жайы

2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишим түзгөн. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын чектемек, анын ордуна Тегерандан санкциялар алынмак. Дональд Трамп биринчи ирет президент болуп шайлангандан кийин 2018-жылы АКШ бул келишимден чыгып, Иранга салынган мурунку санкциядарды кайра жандандырган. Тегеран түзүлгөн макулдашуунун алкагында алган милдетин этап-этабы менен кыскартарын айтып, өзөктүк иликтөөлөрдү жана уранды байытууну чектөөдөн дээрлик баш тарткан.
Быйыл февралда Трамп Тегеранга каршы максималдуу кысым жасоо боюнча жарлыкка кол коюп, ошол эле учурда АКШ бул жарлыкты көп пайдаланбай турганына үмүт артарын айткан. Муну менен бирге Ак үй Ирандын мунай тармагына каршы санкциянын жаңы пакетин киргизген.
Анткен менен Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди көрүүнүн ордуна келишүүгө даяр экенин белгилеп келет. Президенттин айтымында, ал Иран менен тынчтыкты шарттаган өзөктүк келишим түзүү ниети бар.
Санкциялар күчөтүлгөндөн кийин Иран АКШ кысымын уланта берсе өзөктүк макулдашуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын жар салган.
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2025
Кытай министри: АКШ чек араларга ракета жайгаштырууну токтотушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0