https://sputnik.kg/20250328/1092944053.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда таңга маал жер силкинип, күчү очогунда 6 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жер саат 4:42де титиреген. Очогу... 28.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-28T11:00+0600
2025-03-28T11:00+0600
2025-03-28T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092943921_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b79067dbac28dcb897fe2b8234778301.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда таңга маал жер силкинип, күчү очогунда 6 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жер саат 4:42де титиреген. Очогу Казакстандын аймагында экени айтылды. "Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга сезилген", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 7:17де Жалал-Абаддын Аксы районундагы Аркыт, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Итагар айылдарында 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогу Тегирмен-Сай айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Аркыт айылына 17 чакырым түштүк-батышта болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, вице-мэр Замир Юсупов баштаган мэриянын өкүлдөрү Кытайда иш сапарда жүрүшөт."Максат — мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 миллион сомго муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техника сатып алуу", — деп айтылат маалыматта. Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүп жатканы кошумчаланды.
Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. Ал финалда индиялык балбан Ритика Худаны жеңди. Эсеп 6:6 болду. Соңку аракетти Айпери жасап, жеңишти жулуп кетти десек болот.Спортчулар 76 килограмм салмакта кармашты. 25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган. Турнирден буга чейин Раззак Бейшекеев күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль алган.
Украинага БУУнун эгидасы менен убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болот. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы жолугуп жатып россиялык лидер эл аралык тажрыйбада тышкы башкарууга жол берилерин, бул украин көйгөйүн жөнгө салуучу сүйлөшүүлөрдүн мыйзамдулуугун камсыздоого мүмкүндүк берерин белгилеген. "Негизинен БУУнун эгидасы жана АКШ менен биргеликте, керек болсо бизге көзү түз европалык мамлекеттер менен Украинага убактылуу тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап көрүүгө болот. Бул демократиялык шайлоо өткөрүп, бийликке элдин ишенимине ээ болгон өкмөттү алып келип, ошондон кийин гана тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, дүйнө тааный турган мыйзамдуу документке кол коюу үчүн керек", — деди Путин. Президент бул абалдан чыгуу жолдорунун бири гана экенин белгилеген.
Кыргызстанда таңга маал жер силкинип, күчү очогунда 6 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жер саат 4:42де титиреген. Очогу Казакстандын аймагында экени айтылды. "Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга сезилген", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 7:17де Жалал-Абаддын Аксы районундагы Аркыт, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Итагар айылдарында 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогу Тегирмен-Сай айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Аркыт айылына 17 чакырым түштүк-батышта болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, вице-мэр Замир Юсупов баштаган мэриянын өкүлдөрү Кытайда иш сапарда жүрүшөт."Максат — мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 миллион сомго муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техника сатып алуу", — деп айтылат маалыматта. Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүп жатканы кошумчаланды.Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. Ал финалда индиялык балбан Ритика Худаны жеңди. Эсеп 6:6 болду. Соңку аракетти Айпери жасап, жеңишти жулуп кетти десек болот.Спортчулар 76 килограмм салмакта кармашты. 25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган. Турнирден буга чейин Раззак Бейшекеев күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль алган.Украинага БУУнун эгидасы менен убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болот. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы жолугуп жатып россиялык лидер эл аралык тажрыйбада тышкы башкарууга жол берилерин, бул украин көйгөйүн жөнгө салуучу сүйлөшүүлөрдүн мыйзамдулуугун камсыздоого мүмкүндүк берерин белгилеген. "Негизинен БУУнун эгидасы жана АКШ менен биргеликте, керек болсо бизге көзү түз европалык мамлекеттер менен Украинага убактылуу тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап көрүүгө болот. Бул демократиялык шайлоо өткөрүп, бийликке элдин ишенимине ээ болгон өкмөттү алып келип, ошондон кийин гана тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, дүйнө тааный турган мыйзамдуу документке кол коюу үчүн керек", — деди Путин. Президент бул абалдан чыгуу жолдорунун бири гана экенин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092943921_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b5b342e88d286504158db0e641c7777.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио