00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жыйында бир пакет менен 45 маселе боюнча 36 нормативдик документ каралды.Анда жасалган сунуштар:Кодекстерге жылына бир жолу гана өзгөртүү киргизүү; юридикалык жактарды жана жеке ишкерликти жоюуну жеңилдетүү; айрым функцияларды аутсорсингге өткөрүү. Мисалы, онкологиялык ооруларды дарылоо, эмдөө жана сот аткаруучулардын ишин жеке колдорго дагы берүү каралган."Түндүк" системасы аркылуу маалым кат алуу. 50 жашка чейинкилерге кагаз маалым каттарды берүүнү жана маморгандардагы документтерди талап кылууну акырындап токтотуу; жарандык жана административдик сот процесстерин санариптештирүү. Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев лицензияларды жана уруксат документтерин берүүнү жеңилдетүү маселесин кароону тапшырды. Натыйжада бардык сунуштар толук кабыл алынды.
Балыкчыдагы мурдагы эт комбинаты 10,7 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, У.С.И. аттуу жаран 1995-1996-жылы "Кыргызтрансавто" ишканасын жетектеген.Ошол мезгилде кызмат адамдарынын жардамы менен комбинатты мамлекеттин эсебинен менчиктештирип кеткени айтылды.
Спортчу Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Финалда ал ирандык Олимпиада чемпиону Саид Эсмаили менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду. Мурдараак япониялык Катсуоки Эндону жеңип, өткөн Азиялык оюндагы жеңилгенинин "өчүн" алган.Бул — Кыргызстандын Азия биринчилигиндеги алгачкы күмүш медалы. Мурдараак куржунга бир коло медаль түшкөн. 25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган.
Кара деңиздеги элдешүү тууралуу макулдашуунун талкууланышы украин маселесин жөнгө салуунун "эң жеңил этабы" болгонун, кийинки кадамдар кыйла оор болорун АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалына маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүлөр Кара деңизден башталганы да ушундан, бул эң оңою болду. Мындан кийинки кадамдар чындап оор болот, кеп аймактык маселелер, шаарларга сокку урулушу жана эки тараптын ракеталык чабуулдары тууралуу жүрөт", — деген Келлог. Өкүлдүн айтымында, эки тарап тең каалаганына аягына чейин жетпейт. Ал иш жүзүндөгү жана юридикалык жагдайлардан улам эң кыйыны аймактык маселелер болорун белгилеген. Саясатчы АКШ Россия менен Украинанын талаптары иреттелип, чечим кабыл алынышы үчүн президент Дональд Трампка берилерин кошумчалады. Мында ок атууну токтотуу башкы максат бойдон калмакчы. Кара деңиздеги элдешүү тууралуу макулдашуу боюнча Россия менен АКШнын делегациялары 24-мартта Эр-Риядда сүйлөшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0