https://sputnik.kg/20250322/stambul-ankarada-naarazylykka-chykkan-el-politsiya-menen-kagyshty-1092804932.html
Түркияда Стамбулдун мэрин колдоп чыккан эл полиция менен кагылышты. Видео
Түркияда Стамбулдун мэрин колдоп чыккан эл полиция менен кагылышты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түркиянын Стамбул жана Анкара калааларында саясатчы Экрем Имамоглун колдоп, бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция... 22.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-22T11:15+0600
2025-03-22T11:15+0600
2025-03-23T12:00+0600
дүйнөдө
түркия
саясат
митинг
оппозиция
режеп тайип эрдоган
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092805379_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_4dca0b31d62b74b3410ebb5b29a82c72.jpg.webp
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түркиянын Стамбул жана Анкара калааларында саясатчы Экрем Имамоглун колдоп, бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция кызматкерлери кагышып кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгондор билдиргенин РИА Новости жазды.Алардын айтымында, тартип сактоочулар көздү ачыштырып, дем алууну оорлоткон баллончолорду колдонушкан. Муну менен катар эле оппозициядагы Элдик Республикалык партиянын лидери Өзгүр Озел митингде сүйлөп жатып, полиция кызматкерлерин мындай кадамга барбоого чакырган.РИА Новостинин кабарчысы Анкарада жаш активисттер, негизинен студенттер темир жол баррикадаларын талкалагандыгын билдирди.Озелдин айтымында, Стамбулдагы бул күнкү митингге 300 миңге чукул киши келген. Азырынча жабырлангандар боюнча маалымат жок. Эл акцияны бүгүн да улантууга камынып турушат.Кечээ Имамоглун колдогон демонстрациялар Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Бир катар ЖМКлар полиция желим ок менен элди карай атканын жазып, бирок президент Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы муну четке каккан. ИИМ 16 тартип сакчы жабырланганын билдирген.Стамбул мэринин иши же нааразылыктын башыЭл колдоп чыккан Стамбул мэри Экрем Имамоглун 19-мартта ири коррупцияны, паракорлукту уюштурган деген иш менен кармашкан. Ал бийликтин бул кысымына багынбастыгын айткан.Ал арада Стамбул университети Имамоглунун дипломун жокко чыгарууну чечти. Башкы прокуратура Имамоглун Түндүк Кипрдеги университеттен Стамбулга которулушунда мыйзам бузуулар болушу мүмкүн экенин болголоодо. Себеби Түркия ал кезде бул окуу жайды расмий тааныган эмес. Мэр бул боюнча көрсөтмө берген.Дипломдун жокко чыгарылышы Имамоглунун президенттикке талапкер болушуна тоскоолдук жаратат, анткени Түркиянын Конституциясына ылайык, жогорку билими барлар гана мамлекет башчылыкка ат салышууга укуктуу. Имамоглу учурда опозициялык партиядан праймеризге катышкан жалгыз талапкер жана Эрдогандын негизги атаандашы катары эсептелет.Президент Эрдоган оппозицияны полиция жана сот системасына саясий кысым көрсөтүүгө аракет кылды деп айыптап, өкмөт мамлекеттик маселелерди чечүү менен алек болгондуктан талаш-тартышка убакыт жок экенин билдирди.
https://sputnik.kg/20250126/turkiya-too-lyzha-kurort-ort-kyrsyk-sot-kyrsyk-1091648723.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092805379_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_2f38e71987a69c1448cbba39fcc83322.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, саясат, митинг, оппозиция, режеп тайип эрдоган
дүйнөдө, түркия, саясат, митинг, оппозиция, режеп тайип эрдоган
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түркиянын Стамбул жана Анкара калааларында саясатчы Экрем Имамоглун колдоп, бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция кызматкерлери кагышып кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгондор билдиргенин
РИА Новости жазды.
Алардын айтымында, тартип сактоочулар көздү ачыштырып, дем алууну оорлоткон баллончолорду колдонушкан. Муну менен катар эле оппозициядагы Элдик Республикалык партиянын лидери Өзгүр Озел митингде сүйлөп жатып, полиция кызматкерлерин мындай кадамга барбоого чакырган.
РИА Новостинин кабарчысы Анкарада жаш активисттер, негизинен студенттер темир жол баррикадаларын талкалагандыгын билдирди.
Озелдин айтымында, Стамбулдагы бул күнкү митингге 300 миңге чукул киши келген. Азырынча жабырлангандар боюнча маалымат жок. Эл акцияны бүгүн да улантууга камынып турушат.
Кечээ Имамоглун колдогон демонстрациялар Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Бир катар ЖМКлар полиция желим ок менен элди карай атканын жазып, бирок президент Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы муну четке каккан. ИИМ 16 тартип сакчы жабырланганын билдирген.
Стамбул мэринин иши же нааразылыктын башы
Эл колдоп чыккан Стамбул мэри Экрем Имамоглун 19-мартта ири коррупцияны, паракорлукту уюштурган деген иш менен кармашкан. Ал бийликтин бул кысымына багынбастыгын айткан.
Ал арада Стамбул университети Имамоглунун дипломун жокко чыгарууну чечти. Башкы прокуратура Имамоглун Түндүк Кипрдеги университеттен Стамбулга которулушунда мыйзам бузуулар болушу мүмкүн экенин болголоодо. Себеби Түркия ал кезде бул окуу жайды расмий тааныган эмес. Мэр бул боюнча көрсөтмө берген.
Дипломдун жокко чыгарылышы Имамоглунун президенттикке талапкер болушуна тоскоолдук жаратат, анткени Түркиянын Конституциясына ылайык, жогорку билими барлар гана мамлекет башчылыкка ат салышууга укуктуу. Имамоглу учурда опозициялык партиядан праймеризге катышкан жалгыз талапкер жана Эрдогандын негизги атаандашы катары эсептелет.
Президент Эрдоган оппозицияны полиция жана сот системасына саясий кысым көрсөтүүгө аракет кылды деп айыптап, өкмөт мамлекеттик маселелерди чечүү менен алек болгондуктан талаш-тартышка убакыт жок экенин билдирди.