https://sputnik.kg/20250321/vasiliy-kaykin-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092789807.html
Василий Кайкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Василий Кайкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу... 21.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-21T20:09+0600
2025-03-21T20:09+0600
2025-03-21T20:09+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
дүйнөдө
ссср
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
эрдик
курман болгон
баатыр
наам
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_eb5dbc17a8dc85ee2a4bdc779cf8e217.jpg.webp
Улук сержант Василий КайкинАл 1910-жылы 9-июнда Түп айылында (Ысык-Көл облусу) туулган. Баштапкы билимге ээ болгондон кийин колхоздо тракторчу болуп иштейт. 1942-жылы Кайкин Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат да, ошол эле жылы Улуу Ата Мекендик согушка кирет.1945-жылы гвардиянын улук сержанты Кайкин 2-Беларусь фронтунун 7-гвардиялык кавалериялык корпусунун 14-гвардиялык кавалериялык дивизиясындагы 54-гвардиялык кавалериялык полкунун пулеметчулар бригадасын жетектеген. Одерден өткөндө өзгөчөлөнгөн.1945-жылы 29-январда Кайкиндин бригадасы эл жашаган Приттаг (азыркы — Пишток, Батыш Польшадагы Зелёна-Гуры шаарынын түндүк-чыгышы) аймагынын жанында Одер дарыясын кечип, немецтердин бир нече контрчабуулунун мизин кайтарат. Мындан улам эскадрон кыйынчылыктарга туш болбой, суудан өткөн. Эртеси кыргызстандык жоокер Альткессель (азыркы — Стары-Киселин, Польша) темир жол станциясынын аймагында майдандаштарынын жылышына шарт түзүп, аларды калкалап турган. Колундагы ок-дарысы түгөнгөндөн кийин өзүн жана аны курчаган душмандарды граната менен жардырып, баатырдык менен курман болот. Сөөгү Польшадагы Жагань шаарына коюлган.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1945-жылы 27-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын улук сержанты Василий Кайкинге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даңк ордендери ыйгарылган.Баатырдын мекени Түп айылында эстелиги тургузулуп, көчөгө, мектепке жана сейил багына аты коюлган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Василий Кайкин да бар.
https://sputnik.kg/20250318/dair-asanov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092714749.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_7b54afc448aedf0a2ad604a969e652d7.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик, курман болгон, баатыр, наам
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик, курман болгон, баатыр, наам
Василий Кайкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Улук сержант Василий Кайкин
Ал 1910-жылы 9-июнда Түп айылында (Ысык-Көл облусу) туулган. Баштапкы билимге ээ болгондон кийин колхоздо тракторчу болуп иштейт. 1942-жылы Кайкин Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат да, ошол эле жылы Улуу Ата Мекендик согушка кирет.
1945-жылы гвардиянын улук сержанты Кайкин 2-Беларусь фронтунун 7-гвардиялык кавалериялык корпусунун 14-гвардиялык кавалериялык дивизиясындагы 54-гвардиялык кавалериялык полкунун пулеметчулар бригадасын жетектеген. Одерден өткөндө өзгөчөлөнгөн.
1945-жылы 29-январда Кайкиндин бригадасы эл жашаган Приттаг (азыркы — Пишток, Батыш Польшадагы Зелёна-Гуры шаарынын түндүк-чыгышы) аймагынын жанында Одер дарыясын кечип, немецтердин бир нече контрчабуулунун мизин кайтарат. Мындан улам эскадрон кыйынчылыктарга туш болбой, суудан өткөн. Эртеси кыргызстандык жоокер Альткессель (азыркы — Стары-Киселин, Польша) темир жол станциясынын аймагында майдандаштарынын жылышына шарт түзүп, аларды калкалап турган. Колундагы ок-дарысы түгөнгөндөн кийин өзүн жана аны курчаган душмандарды граната менен жардырып, баатырдык менен курман болот. Сөөгү Польшадагы Жагань шаарына коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1945-жылы 27-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын улук сержанты Василий Кайкинге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даңк ордендери ыйгарылган.
Баатырдын мекени Түп айылында эстелиги тургузулуп, көчөгө, мектепке жана сейил багына аты коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Василий Кайкин да бар.