00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
02:41
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нооруз — ата-бабадан калган, жоголуп барып, кайра табылган майрам

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамы. Архивдик сүрөт
Нооруз майрамы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2025
Жазылуу
Бала кезде, өткөн кылымдын 60-жылдарында, апаларыбыз бир идишке буудай салып, ага суу куюп өндүрүп, анысын күн сайын карап турар эле. Анан бул ишке бизди да кошуп алчу. Өнгөн көк чөптү буудайы менен сокуга салып жанчып талкалап, казанга даярдап берчүбүз. Анан сайдан сыйдам жети таш таап келер элек.
Бүт айыл адегенде күн чыгары менен эле Чыгышты тиктеп, жарыктык Күн менен амандашып, анан көрүстөнгө барып, адамдар чоң даракты айлана басып, молдолор тыным албай куран окуп, тегеренген кишилерге суу бүркүп, улам үч сыйрадан өткөндөр жетим-жесирлерге, оорукчандарга деп жайылып турган курларга тыйын-тыпыр таштап, андан ары барып айыл четиндеги дөңсөө жерлерге чыгып, ар кандай оюндарды ойнойт элек. Өзгөчө кыз-келиндер жасана кызыл-тазыл кийинип жаңы эле көгөрүп чыгып келе жаткан майда чөп менен айкалышып калар эле. Жигиттер селкинчектерди бышыктап орнотуп, кыздарды бирге тебүүгө чакырчу. Совет учурунда дал ушул Нооруз күнү Түркмөнстандын бир жеринде милиционерлер менен парткомдор жаштар курган селкинчектерди бузуп, адамдарды кууп таратканын, бул майрам эскинин саркындысы деп майрамдоого тыюу салганын уккан элек. Ошого кийин бара-бара Ноорузду майрамдоо азайып, 1-май менен 7-ноябрь биздин негизги майрам болуп калды.
Нооруз жоголуп барып, кайра табылган майрам!
Эчен кылымдарды басып өтүп, эчен муундардын жактыруусуна арзыган майрам!
Тарыхый маалыматтарга таянсак, төрт миң жыл мурда эле бул майрам белгиленчү экен. Дал ушул марттын жыйырма биринен жыйырма экисине караган кечте күн менен түн теңелет, экөөнүн бири узарып, бири кыскарып отурган, адамдын акылы ала бербеген улуу жарышы бир азга болсо да токтоп, эми экөө тең болуп турат. Күн менен Түн тең болот, Караңгы менен Жарык барабарлашат. Мына ошол нерсе Жыл ажыраш делет. Мына ошондон Жаңы Күн – Нооруз башталат. Негизи муну Жыл ажыраш күнү деп алсак деле болмок...
Бул – жаз шамалы жүрүп, жер амалы дүйнөнү, табиятты, анан адамды козгогон күн. Тирүүнүн баары делебеленип, кыймылга кирип жан алат. Дарак бүчүр жарат. Талаа-түздөгү кардын баары жерге сиңет, кара жер көк чөпкө, алардын арасында туу болуп турган байчечекейге орун берет. Кыш чегинип, бийликке баар келет. Баар деген – эрте жаз. Баар деген – башталыш. Асманда сайроочу куштар көрүнөт, аары гүл издейт, аюу уйкусунан ойгонот да, сыртка жөнөйт, балык чээнден чыгат, ысык жакка кеткен чабалекейлер кайтып келе баштайт.
Нооруз келгенде кыздар таш бетинен кынааларды кырып алып, тырмактарына коёт, осмо эзип кашына, сурмаларды көзүнө сүйкөйт.
Кемпир-кесектер, абышкалар, бакшылар, дервиштер арча же адырашман түтөтүп, "алас-алас, ар балээден калас, эски жыл кетти, жаңы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололу" дешип, там ичин, мал короолорду, балдардын бешиктерин, кишилердин өздөрүн аласташкан. Аластоо – Нооруздун башкы белгиси.
Эски кийимдерди, акыр-чикирлерди өрттөө, жолдорду, короолорду, арыктарды тазалап чыгуу, көчөт отургузуу жөрөлгөлөрү да ушул күндөрдө аткарылат.
Нооруз майрамында алас айтып жаткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Табиятты козгогон көктөмгө арыш таштадык. Кыргыз жазды кантип күткөн
Нооруз майрамы байыркы Иран жергесинде зороастризм динин негиздеген Заратустра (Заратуштра) заманында пайда болгон делет, ал болсо биздин заманга чейинки 522-486-жылдарда бийлик кылган Гистаспанын доорунда жашаган экен. Ошондон бери бул күндөр Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Түркия, Афганстан, Ирак өлкөлөрүндө элдик майрам катары белгиленип келет, Россиядагы алтайлык түрктөрдө, башкырларда, татарларда, гагауздарда, ногойлордо, Кытайдагы уйгурларда, Борбор Азиядагы каракалпактарда, түркмөндөрдө, тажиктерде, өзбектерде, казактарда, кыргыздарда, Кавказдагы азербейжандарда, карачай-балкарларда, кумыктарда советтик учурда айрым бир токтоп калууларга карабай майрам өткөрүлгөн.
Бул элдерде майрамдын дагы бир жалпы окшоштугу бар: жаз символу болгон өндүрүлгөн дандан сүмөлөк жасалат, сүмөлөккө ошол майдаланган майсага кошуп жети таш салып, көп адам таң атканча кайнатат. Бул күндөрдө жети кыл тамак дасторконго коюлат.
Адамдар бири-бирин кечиришип, кас санашкандар достошуп, ушул күндөрдө согуштар да токтотулушу шарт болгон.
Кошуналар бири-биринен үйлөрүнө кирип, ал жерден даам татып чыгат, ал үйгө ырыскы, жакшылык, бакыт каалап бата берет.
Ооруп төшөктө жаткан адамдардын абалын сурап, аларга жардамдашат.
Нооруз – дароо эле бүтпөйт, "Гүл сейили күнү, "Сүмөлөк кайнатуу күнү", "Көжө аш жасоо күнү", "Бак тигүү күнү", "Бороз салуу күнү" дегендей, ар бир иш-чарага бирден күн ажыратылат. Булардын баарында эмгек жана табият менен биримдик, табиятка сыйынуу, түшүм тилөө биринчи орунда турат.
Нооруз жаздын баш жагында келгендиктен климаты оор шартта жашаган кыргыздар "мал-жан кыштан эсен-аман чыкты, эми көк жесек да өлбөйбүз" деп жашоого үмүт менен карашкан.
Нооруз – жаңылануунун, тазаруунун, жашоого өзгөчө үмүт-тилек менен кароонун майрамы!
Ошол Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Айдан аман, жылдан эсен бололу!
Нооруз майрамын майрамдоо. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2016
Нооруз жөнүндө кызыктуу беш факты
Жаңылыктар түрмөгү
0