00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
23:30
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан менен Тажикстандын эпке келиши Борбор Азияны кандайча өзгөртөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2025
Жазылуу
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюу көп жылдан берки тирешүү менен чыр-чатакка чекит койду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров макулдашууга кол коюлушун жемиштүү кызматташууга негиз болуп берчү "тарыхый жана тагдыр чече турган окуя" деп атады. Рахмондун сапары учурунда кол коюлган 16 документ эки элдин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө таасир этчү кызматташуунун нугун аныктайт.

Саясий жаз

Эми ушул ийгиликтин арты менен Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан 31-мартта Фергана өрөөнүндө жолугуп, мамлекеттик чек аралардын кошулган жери тууралуу келишимге кол коюуга ниеттенип жатышат. Салтанат Кожентте Нооруз майрамдалып жатканда өтөрү да өзгөчө мааниге ээ, муну үч өлкөнүн ортосундагы мамиленин жанданышы, көктөшү деп кабыл алсак болот.
Үч республика эми өз ара соода, транспорт тармагы, туризмде жаңы кадамдарды мерчемдей алат. Бул жаатта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Борбор Азияга келген чет элдиктер үчүн жалпы туристтик виза киргизүү сунушун белгилөөгө болот. Соңку тоскоолдуктар жоюлган соң региондогу төрт өлкөнүн (Түркмөнстанды кошпогондо) эли үчүн жалпы туристтик виза киргизүү бүтүндөй Борбор Азиянын туристтик индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болуп бере алары айгине болуп калды.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тууралуу макулдашуу ички интеграциялык долбоорлорго тиешелүү аймактык долбоорлор менен демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, Борбор Азиянын тарыхындагы жаңы баракты ачты.
Өлкө башчыларынын жолугушуусу жаңы баскыч экенине шек жок, анын алкагында Достук, ынак коңшулук жана кызматташуу тууралуу келишим жалпы регион үчүн чоң мааниге ээ болот. Албетте, регионалдык интеграция эки өлкөдөн гана өз каранды болчу деп айта албайбыз, бирок Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жылуу мамиле болбосо Борбор Азияны кызматташуунун мейкиндигине айлантуу тууралуу сөз кылып да кереги жок экени маалым.

Транспорттук жана энергетикалык хаб

Кыргызстан менен Тажикстандын жердеги да, асмандагы да чек арасынын ачылышы аймак ичиндеги транспорттук артерияларды өнүктүрүүгө жол ачат. Бул эки тараптуу соода жагынан алганда да, Фергана өрөөнүн ири транспорттук хабга айлантуу боюнча карай келгенде да абдан маанилүү. Тажикстан эми Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна кошулуп, аны Афганстан тарапка улай алат. Бул жерде көптөн бери трансафгандык темир жол салуу талкууланып келет. Маңызында кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу Борбор Азиянын ири транспорттук потенциалын эркиндикке чыгарып, эки өлкө менен жалпы региондун интеграциясы менен географиялык жайгашуусуна байланышкан талуу маселелерди биротоло чечет.
Суу башы болгон Кыргызстан менен Тажикстандын региондогу жайгашуусу да уникалдуу. Тилекке каршы, эки өлкө гидроэнергетикалык ресурстарды биргеликте ишке ашыра албагынан улам Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын потенциалын өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду узак убакыт бою ишке ашыра албай келди. Ал эми Тажикстанда Рогун, Кыргызстанда Камбар-Ата (1, 2) ГЭСтери эки өлкөнүн олуттуу карама-каршылыгын жаратып келген эле.
Ушу тапта Кыргызстан менен Тажикстан Нарын дарыясына станция куруу боюнча кызматташууну макулдашты, ушундай эле келишимге Тажикстан менен Өзбекстан да кол койгон. Бирок бүгүнкү күндө гидроэнергетика тармагында кыргыз-тажик кызматташуусу үчүн, ошол эле учурда Борбор Азиянын жалпы энергетика рыногун түптөө жаатындагы ишмердүүлүктү координациялоо үчүн да болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

ЕАЭБдеги келечек

Тажикстандын эксперттик жана илимий коомчулугу учурда евразиялык интеграциянын келечегине үңүлүп, ЕАЭБге кошулуу маселесин карап жатат. Кезегинде Кыргызстан да бул этаптан өткөн. Тажикстандын жарандары Россиядагы эмгек мигранттардын ири тобуна кирерин, эрежелердин катаалдашы менен бир топ тоскоолдукка кабылып жатканын унутта калтыра албайбыз. ЕАЭБге кошулуу ошол эмгек мигранттары үчүн жеңилдик болмок, муну менен бирге рынок кеңеймек. Чек ара макулдашуусунун айдыңында соода-экономикалык алака да кыйла жакшырмак. Кандай болгон күндө да Бишкек менен Душанбенин ортосундагы чек ара боюнча пикир келишпестиктин жоюлушу Тажикстанда Евразиядагы соода-экономикалык интеграцияга кошулуу боюнча талкууну күчөттү.

Коопсуздуктун бекемделиши

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча аскердик-саясий жаңжал союздук мамилелердин алкагынан алып караганда ЖККУ үчүн да олуттуу сыноо болду. Анткени аймак бир. Ошол эле учурда уюмдун нейтралдуу позициясы жана ЖККУ менен мүчөлөрүнүн үзгүлтүксүз дипломатиялык ишмердүүлүгү анын ички кооптуулукка, чакырыктарга туруштук бере аларын даана көрсөттү.
Кыргыз-тажик мамилелеринин жакшырышы жалпы ЖККУ мейкиндигиндеги коопсуздукту бекемдөөгө да таасир этет. Бүтүндөй дүйнөлүк тартип түп-тамырынан өзгөрүп жаткан чакта Евразиядагы коопсуздуктун жаңы системасын түзүү аракеттерине олуттуу негиз болуп бере алары бышык.
Эки өлкөнүн ортосундагы алаканын жөнгө салынышын көпкө күттүк. Бул — эки тараптын кылдат ишинин, узакка созулган консультациялар менен сүйлөшүүлөрдүн, өз ара компромисстин жана оор чечимдердин натыйжасы. Бекем достуктун куюлган пайдубалы келечек муундар үчүн мыкты кызмат кылары айдан ачык.
Кыргызстандын жана Тажикстандын екметтук делегациялары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2025
Пресс-борбор
Кыргызстан менен Тажикстан күмөнсүүгө карабай чек арасын чече алды. Эксперттик пикир
РФ Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер илим-изилдөө институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2025
Фергана өрөөнү кызматташтык менен достуктун жерине айланууда. Талкуу
Жаңылыктар түрмөгү
0