https://sputnik.kg/20250228/1092345412.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, мамлекет башчы... 28.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-28T11:00+0600
2025-02-28T11:00+0600
2025-02-28T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1c/1092345280_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e2e2104b493f2417861b3c6ff554d824.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кипр Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Аталган макулдашууда тараптардын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.
Борбор калаадагы көмүр менен иштеген отказандар алмаштырылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын "Новопавловка" аймагындагы №118 мектепке кубаттуулугу 360 кВт болгон 18 бирдик жылуулук насостору орнотулду. Анын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев барып жаңы коюлган жабдууларды текшерген. Белгилей кетсек, аталган жылуулук насостор "Бишкекжылуулукэнергонун" отканаларына биринчи жолу орнотулууда. Азыркы учурда шаардын билим берүү уюмдарындагы төрт отканага 48 бирдик жылытуучу насостор орнотуулууда. "Бул борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Ала-Бука районундагы дүкөндү өч алуу максатында өрттөөгө буйрук берген делген адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шектүү мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон."Кылмышка шектелип Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Шектүү 11-январдан бери Россияда болуп, шериктери аркылуу Өрүктү айылындагы азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Дүкөндөрдүн ээси менен шектүү өчөшүп жүргөн. Келтирилген материалдык чыгым болжол менен 43 миллион сомду түздү, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин бул фактыга байланыштуу өрт койгондор жана ортомчу болгон киши кармалганы кошумчаланды.
Владимир Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча түзүлгөн алкактык келишимден кийин болчу АКШ менен экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууда коопсуздук кепилдиги камтылбаса документке кол койбой турганын айтты. Бул тууралуу Economist өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости кабарлады. "Зеленский коопсуздуктун кеңири кепилдиги каралбаса кийинки макулдашууга кол койбойт", — деп айтылат маалыматта. Басылма түзүлө турган келишим алкактык макулдашуудан айырмаланып Жогорку Радада ратификацияланышы кажет экенин жазды. Эскерте кетсек, Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт америкалык администрация Украина менен минералдык ресурстар боюнча түзүлчү келишимге ушул аптада кол коюуга ишеним артып жатканын билдирген.
Кыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кипр Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Аталган макулдашууда тараптардын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган. Борбор калаадагы көмүр менен иштеген отказандар алмаштырылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын "Новопавловка" аймагындагы №118 мектепке кубаттуулугу 360 кВт болгон 18 бирдик жылуулук насостору орнотулду. Анын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев барып жаңы коюлган жабдууларды текшерген. Белгилей кетсек, аталган жылуулук насостор "Бишкекжылуулукэнергонун" отканаларына биринчи жолу орнотулууда. Азыркы учурда шаардын билим берүү уюмдарындагы төрт отканага 48 бирдик жылытуучу насостор орнотуулууда. "Бул борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.Ала-Бука районундагы дүкөндү өч алуу максатында өрттөөгө буйрук берген делген адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шектүү мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон."Кылмышка шектелип Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Шектүү 11-январдан бери Россияда болуп, шериктери аркылуу Өрүктү айылындагы азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Дүкөндөрдүн ээси менен шектүү өчөшүп жүргөн. Келтирилген материалдык чыгым болжол менен 43 миллион сомду түздү, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин бул фактыга байланыштуу өрт койгондор жана ортомчу болгон киши кармалганы кошумчаланды.Владимир Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча түзүлгөн алкактык келишимден кийин болчу АКШ менен экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууда коопсуздук кепилдиги камтылбаса документке кол койбой турганын айтты. Бул тууралуу Economist өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости кабарлады. "Зеленский коопсуздуктун кеңири кепилдиги каралбаса кийинки макулдашууга кол койбойт", — деп айтылат маалыматта. Басылма түзүлө турган келишим алкактык макулдашуудан айырмаланып Жогорку Радада ратификацияланышы кажет экенин жазды. Эскерте кетсек, Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт америкалык администрация Украина менен минералдык ресурстар боюнча түзүлчү келишимге ушул аптада кол коюуга ишеним артып жатканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1c/1092345280_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_93c96191a4bef1f8499c4667f015d1e2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио