https://sputnik.kg/20250226/1092302125.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин аналитикалык маалыматында айтылган... 26.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-26T11:00+0600
2025-02-26T11:00+0600
2025-02-26T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092301993_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_300575f09b88d1a39c33b3667d077feb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин аналитикалык маалыматында айтылган. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги капиталга салынган инвестициясы 52,1 пайызга көбөйүп, экинчи келе жаткан Армениядан дээрлик үч эсе жогору болгон. Айыл чарба тармагында өлкө 6,3 пайыз өсүш менен Казакстандан кийин жайгашкан. Беларуста 3,4 пайыз, Арменияда 1,9 пайыз өсүш болсо, ал эми Россия -3,2 пайыз артка кеткен. Курулуш тармагында Кыргызстан 13,1 пайыз өсүш менен Казакстан жана Арменияны артта калтырды.
Жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өткөн жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү боюнча селектордук кеңешмеде айтылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты. Аталган селектордук кеңешмеде жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар боюнча, учурдагы көйгөлөр жана аны чечүү жолдору талкуланып, бир катар тапшырмалар берилди.Жыйындын соңунда жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүлүшү президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жоопту экендиги эскертилди.
Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди. ӨКМ аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктарды алдын алуу максатында ушундай чечим болгонун кабарлады. Кыргызгидромет 26-28-февралда өлкө аймагында күн сууктап, жаан-чачын жүрөрүн эскерткен.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеран сапарында аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан менен жолукканын РИА Новости кабарлады. Кездешүүдө ал Пезешкианга Россиянын президенти Владимир Путиндин саламын айтып, январда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк боюнча комплекстүү келишим ишке аша баштагандыгын белгиледи. Ага чейин министр кесиптеши, Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи менен жолугуп, Ирандын өзөктүк куралынын айланасындагы маселени жөнгө салуу, Украина, Сирия темасын жана өз ара кызматташуунун суроолорун талкуулаган.
Киев сейрек кездешүүчү металлдар боюнча АКШ менен түзүлчү келишимдин жаңы шартына макул болду. Бул тууралуу украиналык аткаминерлерге таянуу менен Financial Times кабарлаганын РИА Новости жазды. "Киев минералдар боюнча Вашингтон менен түзүлө турган макулдашуунун жаңы шартына макул болду. АКШ ресурстардын сатылышынан түшчү кирешенин 500 миллиард долларына ээ болуу укугунан баш тартты", — деп айтылат маалыматта. Макулдашуунун акыркы вариантында АКШ тараптан болчу "коопсуздук кепилдиги" тууралуу сөз жок экени белгилүү болду. Гезитке маалымат берген аткаминерлер Киев минералдык ресурстарды, анын ичинде нефть менен газды биргелешип иштетүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр экенин айтышкан.
Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин аналитикалык маалыматында айтылган. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги капиталга салынган инвестициясы 52,1 пайызга көбөйүп, экинчи келе жаткан Армениядан дээрлик үч эсе жогору болгон. Айыл чарба тармагында өлкө 6,3 пайыз өсүш менен Казакстандан кийин жайгашкан. Беларуста 3,4 пайыз, Арменияда 1,9 пайыз өсүш болсо, ал эми Россия -3,2 пайыз артка кеткен. Курулуш тармагында Кыргызстан 13,1 пайыз өсүш менен Казакстан жана Арменияны артта калтырды.Жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өткөн жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү боюнча селектордук кеңешмеде айтылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты. Аталган селектордук кеңешмеде жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар боюнча, учурдагы көйгөлөр жана аны чечүү жолдору талкуланып, бир катар тапшырмалар берилди.Жыйындын соңунда жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүлүшү президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жоопту экендиги эскертилди.Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди. ӨКМ аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктарды алдын алуу максатында ушундай чечим болгонун кабарлады. Кыргызгидромет 26-28-февралда өлкө аймагында күн сууктап, жаан-чачын жүрөрүн эскерткен.Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеран сапарында аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан менен жолукканын РИА Новости кабарлады. Кездешүүдө ал Пезешкианга Россиянын президенти Владимир Путиндин саламын айтып, январда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк боюнча комплекстүү келишим ишке аша баштагандыгын белгиледи. Ага чейин министр кесиптеши, Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи менен жолугуп, Ирандын өзөктүк куралынын айланасындагы маселени жөнгө салуу, Украина, Сирия темасын жана өз ара кызматташуунун суроолорун талкуулаган.Киев сейрек кездешүүчү металлдар боюнча АКШ менен түзүлчү келишимдин жаңы шартына макул болду. Бул тууралуу украиналык аткаминерлерге таянуу менен Financial Times кабарлаганын РИА Новости жазды. "Киев минералдар боюнча Вашингтон менен түзүлө турган макулдашуунун жаңы шартына макул болду. АКШ ресурстардын сатылышынан түшчү кирешенин 500 миллиард долларына ээ болуу укугунан баш тартты", — деп айтылат маалыматта. Макулдашуунун акыркы вариантында АКШ тараптан болчу "коопсуздук кепилдиги" тууралуу сөз жок экени белгилүү болду. Гезитке маалымат берген аткаминерлер Киев минералдык ресурстарды, анын ичинде нефть менен газды биргелешип иштетүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр экенин айтышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092301993_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d0e026f59dc045af9b8b6bab54320cc6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио