00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Казакстандан Кыргызстанга мунайды бажы алымы жок киргизүүнү макулдашуу — маанилүү кадам. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Астанага жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолгушкан. Анда жүк ташуу, бизнес жана эки тараптуу сооданы жакшыртуу боюнча кеп болгон."Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти макулдашуу маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары, Казакстандын Алматы облусунда жашылча-жемиштерди сактоочу соода-логистикалык кампа түзүлсө товар алмашууну жакшыртып, биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздайт", — деген Касымалиев. Ал ошондой эле Казакстан Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, былтыр эки өлкөнүн товар алмашуусу 1 млрд 340 млн долларга жеткенин айтты.
Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулат.Маалыматты муфтият тастыктап, бул боюнча Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери биргеликте чечим кабыл алышканын кабарлады.Демек, орозо 1-мартта башталып, Айт намаз 30-мартта окулат.
Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылган. Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ИДПсы тогуз пайызга, ал эми жалпы уюм боюнча 4,2 пайызга өскөн. "ИДПнын өсүшү Арменияда алты пайыз, Казакстанда 4,8 пайыз, Россияда 4,1 пайыз жана Беларуста төрт пайызга жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды. Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Коргоо министрлиги, Маданият министрлиги, Республикалык ардагерлер кеңеши жана башкалар уюштурган.Капсуланы өлкөгө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында Беларусь менен Россиянын ардагерлер уюму жөнөткөнү айтылды. "Күрѳш жүргөн ыйык жерлерден алынып келген капсулалар келечек үчүн жанын берген аталарыбыздын жеңишин эске салып, музейде татыктуу орун ээлемекчи", — деген уюштуруучулар.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0