https://sputnik.kg/20250225/1092281182.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,2 миң тонна дизель отуну, 12,0 миң тонна автобензин керектелет. Бул тууралуу Суу... 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-25T13:00+0600
2025-02-25T13:00+0600
2025-02-25T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092281050_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_520b5a270a1a631ccded8bc976ea404a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,2 миң тонна дизель отуну, 12,0 миң тонна автобензин керектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда нефтетрейдерлердин берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда дизелдик отун, автобензин жетиштүү көлөмдө бар. Ошондой эле жазгы айдап себүүсүнө жалпы 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 57,6 миң тонна үрөнү топтолуп, 89,1%ы камсыз болду. Анын ичинен буудай үрөнү 20,5 миң тонна керектелсе, 18,1 миң тоннасы топтолуп, 88,1% түздү, арпа үрөнү 43,9 миң тонна керектелсе, 39,9 миң тоннасы же 90,7% топтолду.
Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулат.Маалыматты муфтият тастыктап, бул боюнча Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери биргеликте чечим кабыл алышканын кабарлады.Демек, орозо 1-мартта башталып, Айт намаз 30-мартта окулат.
Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 8-жумасында курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 82 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мындай көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 6,6% га төмөн. Белгилей кетсек, ооругандардын 5,1%ы ооруканага жаткырылган.Эске салсак, 2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 59,6% - A, В түрүнүн айрым учурлары - 36,1% жана 4,3% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясын колдоп, киргизилген өзгөртүүлөрдү четке какты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Документти 10 мамлекет колдогон. Алардын арасында Россия, Кытай жана АКШ бар. Беш мамлекет карманып, каршы эч ким добуш берген эмес. Резолюциянын авторлору "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. Резолюция баштапкы түрүндө кабыл алынды. БУУнун Коопсуздук кеңеши Европа өлкөлөрүнүн антироссиялык риторика менен киргизген түзөтүүлөрүн четке какты. Мындан тышкары, Россия тараптын кризистин "түпкү себебин жоюу" боюнча өзгөртүүлөрү алып салынган. Америка сунуштаган резолюция боюнча дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы да добуш берген. Бирок батыш мамлекеттеринин олуттуу өзгөртүүлөрүнөн улам текст бейтараптуулуктан бир топ четтеп кеткен. Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы — Башкы Ассамблеяныкынан айырмаланып милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон документ.
2025-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,2 миң тонна дизель отуну, 12,0 миң тонна автобензин керектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда нефтетрейдерлердин берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда дизелдик отун, автобензин жетиштүү көлөмдө бар. Ошондой эле жазгы айдап себүүсүнө жалпы 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 57,6 миң тонна үрөнү топтолуп, 89,1%ы камсыз болду. Анын ичинен буудай үрөнү 20,5 миң тонна керектелсе, 18,1 миң тоннасы топтолуп, 88,1% түздү, арпа үрөнү 43,9 миң тонна керектелсе, 39,9 миң тоннасы же 90,7% топтолду. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулат.Маалыматты муфтият тастыктап, бул боюнча Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери биргеликте чечим кабыл алышканын кабарлады.Демек, орозо 1-мартта башталып, Айт намаз 30-мартта окулат.Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 8-жумасында курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 82 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мындай көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 6,6% га төмөн. Белгилей кетсек, ооругандардын 5,1%ы ооруканага жаткырылган.Эске салсак, 2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 59,6% - A, В түрүнүн айрым учурлары - 36,1% жана 4,3% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду. БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясын колдоп, киргизилген өзгөртүүлөрдү четке какты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Документти 10 мамлекет колдогон. Алардын арасында Россия, Кытай жана АКШ бар. Беш мамлекет карманып, каршы эч ким добуш берген эмес. Резолюциянын авторлору "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. Резолюция баштапкы түрүндө кабыл алынды. БУУнун Коопсуздук кеңеши Европа өлкөлөрүнүн антироссиялык риторика менен киргизген түзөтүүлөрүн четке какты. Мындан тышкары, Россия тараптын кризистин "түпкү себебин жоюу" боюнча өзгөртүүлөрү алып салынган. Америка сунуштаган резолюция боюнча дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы да добуш берген. Бирок батыш мамлекеттеринин олуттуу өзгөртүүлөрүнөн улам текст бейтараптуулуктан бир топ четтеп кеткен. Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы — Башкы Ассамблеяныкынан айырмаланып милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон документ.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092281050_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_44278469d2b9886b36cfcca1d306d417.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио