https://sputnik.kg/20250224/1092251585.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясына добуш беретПентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылдыКыргыз эл... 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T13:00+0600
2025-02-24T13:00+0600
2025-02-24T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092251453_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb79f42067701bdd9042fcaeadcb3ee4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясына добуш беретПентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылдыКыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында кайтыш болдуАлдыда кененирээкКыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында кайтыш болду. Акын 1939-жылы 15-январда Жумгалдын Кара-Чий айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинен филология факультетин аяктап, "Ленинчил жаш" гезитинен эмгек жолун баштап, редактордун орун басарлыгына чейин жеткен. 1973-1975-жылдары Москвада Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетин бүткөн. Эмгек жолунда "Кыргызстан коммунисти" журналында, "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеп, "Кыргыз энциклопедиясынын" башкы редакциясында илимий редакторлук кызмат өтөгөн. Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылдан бери Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулуп, өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырларын которгон. Бир катар мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылган.
Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өсүп, рекорддук көрсөткүчүн жаңылады. Интерфакс маалымдагандай, алтындын кымбатташына дүйнөлүк экономикада баалуу металлдарга суроо-талаптын өсүшү себеп болууда. Comex биржасында алтын унциясына 2954,8 долларга жетип, тарыхый чекке жетти. Буга чейин эксперттер божомолдорго таянып, февралда баалуу металлдардын баасы 3 миң долларга чейин жогорулай тургандыгын айтышкан. Эске салсак, январь айынын аягында дүйнөлүк биржада алтындын унциясы 2850 доллардан ашып, дээрлик 50%га көтөрүлгөн болчу.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясынын долбооруна добуш берет. Бул тууралуу кеңешке февраль айында төрагалык кылган Кытайдын туруктуу өкүлчүлүгүнөн кабарланганын РИА Новости жазды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору америкалыктар сунуштаган дүйнөлүк уюмдун Башкы Ассамблеясынын документинин көчүрмөсү болуп саналат. Документте Россия Украинага кол салды деген риторикадан баш тартып, жаңжал "россия-украиналык" деп аталган. Башкы Ассамблеянын резолюциялары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынан айырмаланып, аткарууга милдеттүү болуп саналбайт. Эскерте кетсек, өткөн аптада Эр-Риядда Россия менен АКШнын делегациялары жолугуп, 4,5 саат сүйлөшүшкөн. Москва менен Вашингтон ортодогу алаканы талкуулап, Украина чырын жөнгө салуу жана эки лидердин жолугуусун уюштуруу маселелерин кеп кылышкан.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык кызматташуу Киев үчүн өтө маанилүү экенин эскертти. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Тынчтык орнотууга мынчалык жакын келе элек болчубуз. Сүйлөшүүлөрдөн кабарым бар. Чоң жылыш болду, демек, Зеленский эпке келиши керек, экономикалык кызматташуу анын өлкөсү үчүн абдан маанилүү. Жакын арада бул кадамга барат деп ишенебиз", — деген Хегсет. Пентагондун башчысы жаңжал кандай сценарий менен бүтөрүнө карабай АКШ Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгилеген.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясына добуш беретПентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылдыКыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында кайтыш болдуАлдыда кененирээкКыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында кайтыш болду. Акын 1939-жылы 15-январда Жумгалдын Кара-Чий айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинен филология факультетин аяктап, "Ленинчил жаш" гезитинен эмгек жолун баштап, редактордун орун басарлыгына чейин жеткен. 1973-1975-жылдары Москвада Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетин бүткөн. Эмгек жолунда "Кыргызстан коммунисти" журналында, "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеп, "Кыргыз энциклопедиясынын" башкы редакциясында илимий редакторлук кызмат өтөгөн. Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылдан бери Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулуп, өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырларын которгон. Бир катар мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылган.Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өсүп, рекорддук көрсөткүчүн жаңылады. Интерфакс маалымдагандай, алтындын кымбатташына дүйнөлүк экономикада баалуу металлдарга суроо-талаптын өсүшү себеп болууда. Comex биржасында алтын унциясына 2954,8 долларга жетип, тарыхый чекке жетти. Буга чейин эксперттер божомолдорго таянып, февралда баалуу металлдардын баасы 3 миң долларга чейин жогорулай тургандыгын айтышкан. Эске салсак, январь айынын аягында дүйнөлүк биржада алтындын унциясы 2850 доллардан ашып, дээрлик 50%га көтөрүлгөн болчу.БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясынын долбооруна добуш берет. Бул тууралуу кеңешке февраль айында төрагалык кылган Кытайдын туруктуу өкүлчүлүгүнөн кабарланганын РИА Новости жазды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору америкалыктар сунуштаган дүйнөлүк уюмдун Башкы Ассамблеясынын документинин көчүрмөсү болуп саналат. Документте Россия Украинага кол салды деген риторикадан баш тартып, жаңжал "россия-украиналык" деп аталган. Башкы Ассамблеянын резолюциялары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынан айырмаланып, аткарууга милдеттүү болуп саналбайт. Эскерте кетсек, өткөн аптада Эр-Риядда Россия менен АКШнын делегациялары жолугуп, 4,5 саат сүйлөшүшкөн. Москва менен Вашингтон ортодогу алаканы талкуулап, Украина чырын жөнгө салуу жана эки лидердин жолугуусун уюштуруу маселелерин кеп кылышкан.Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык кызматташуу Киев үчүн өтө маанилүү экенин эскертти. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Тынчтык орнотууга мынчалык жакын келе элек болчубуз. Сүйлөшүүлөрдөн кабарым бар. Чоң жылыш болду, демек, Зеленский эпке келиши керек, экономикалык кызматташуу анын өлкөсү үчүн абдан маанилүү. Жакын арада бул кадамга барат деп ишенебиз", — деген Хегсет. Пентагондун башчысы жаңжал кандай сценарий менен бүтөрүнө карабай АКШ Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092251453_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_33f9577dfdb635fb8f25cb938da309a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио