https://sputnik.kg/20250224/1092247404.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жеттиЗеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тарттыБишкекте 5-апрелде "Жалпы жат жазуу" акциясы... 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T11:00+0600
2025-02-24T11:00+0600
2025-02-24T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092247272_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_228d8687d36f317b8d224aee9cb6ea22.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жеттиЗеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тарттыБишкекте 5-апрелде "Жалпы жат жазуу" акциясы өтөтАлдыда кененирээкКыргызстан соңку беш жылда ЕАЭБге колбаса экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигининен кабарлашты. Маалыматка ылайык, улуттук реестрдеги эт жана колбаса өндүргөн 38 ишкананын 25и ЕАЭБ аймагында продукциясын сатууга уруксат алган. Колбасанын өндүрүшү төмөнкүдөй өскөн: 2022-жылы — 12 621,5 тонна; 2023-жылы — 16 964 тонна; 2024-жылы — 23 427,9 тонна өндүрүлүп, 1 103,3 тоннасы экспорттолгон. Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса негизинен Казакстанга, Россияга жана Өзбекстанга экспорттолору кошумчаланды.
Бишкек шаарында 5-апрелде өтө турган "Жалпы жат жазуу" акциясына катышууну каалагандар чакырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл жат жазуунун текстин "Ясная Поляна" сыйлыгынын финалисти, Ханс Кристиан Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, жазуучу Марина Москвина даярдаган. "Эгерде сиз филолог болсоңуз, өз аянтчаңызда жат жазуу уюштурууну кааласаңыз бизге кайрылыңыз. totaldikt.bishkek@gmail.com электрондук дарегибизге өнөктөш, ыктыярчы болугусу келгендер дагы кайрылса болот", — деп айтылган маалыматта. Акциянын максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Алгачкысын 2004-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери өткөргөн. Бул диктантты жыл сайын ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген адам жазат.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын сейрек кездешүүчү кендери боюнча макулдашуунун алкагында талап кылган 500 миллиард долларды кайтарып берүүдөн баш тартты. Анын сөзүн "Зеркало недели" Telegram каналы жарыялаганын РИА Новости жазды. "Кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, АКШдан келген 500 миллиарддык жардамды тааныбайм. Жүз миллиардын да тааныбайм, биз президент Байден менен бул гранттык каражат деп сүйлөшкөнбүз. Грант — бул кайтарылууга жатпай турган акча. Грантты кайтарбайбыз", — деген Зеленский. Киев режиминин жетекчиси украиналыктардын ондогон муунун карызга батырган келишимге кол койбой турганын белгилеген.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча келишимге ушул аптада эле жетишсе боло турганына үмүт артууда. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. "Президент менен анын командасы согушка чекит коюу үчүн эки тарап менен сүйлөшүүнү көздөп жатат. Өлкө башчы жыйынтык ушул аптада эле болоруна ишенет", — деген маалымат катчы. Администрация өкүлү Вашингтон активдүү дипломатиялык аракеттерди улантарын, ал эми президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц дем алыш күндөрү келишимди аяктоо үчүн күнү-түнү иштей турганын кошумчалаган. Левиттин айтымында, Трамп тынчтыкты орнотууга, бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга умтулуп жатат. "Бул анын ушул таптагы башкы максаты", — деп белгилеген ал.
Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жеттиЗеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тарттыБишкекте 5-апрелде "Жалпы жат жазуу" акциясы өтөтАлдыда кененирээкКыргызстан соңку беш жылда ЕАЭБге колбаса экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигининен кабарлашты. Маалыматка ылайык, улуттук реестрдеги эт жана колбаса өндүргөн 38 ишкананын 25и ЕАЭБ аймагында продукциясын сатууга уруксат алган. Колбасанын өндүрүшү төмөнкүдөй өскөн: 2022-жылы — 12 621,5 тонна; 2023-жылы — 16 964 тонна; 2024-жылы — 23 427,9 тонна өндүрүлүп, 1 103,3 тоннасы экспорттолгон. Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса негизинен Казакстанга, Россияга жана Өзбекстанга экспорттолору кошумчаланды.Бишкек шаарында 5-апрелде өтө турган "Жалпы жат жазуу" акциясына катышууну каалагандар чакырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл жат жазуунун текстин "Ясная Поляна" сыйлыгынын финалисти, Ханс Кристиан Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, жазуучу Марина Москвина даярдаган. "Эгерде сиз филолог болсоңуз, өз аянтчаңызда жат жазуу уюштурууну кааласаңыз бизге кайрылыңыз. totaldikt.bishkek@gmail.com электрондук дарегибизге өнөктөш, ыктыярчы болугусу келгендер дагы кайрылса болот", — деп айтылган маалыматта. Акциянын максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Алгачкысын 2004-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери өткөргөн. Бул диктантты жыл сайын ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген адам жазат.Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын сейрек кездешүүчү кендери боюнча макулдашуунун алкагында талап кылган 500 миллиард долларды кайтарып берүүдөн баш тартты. Анын сөзүн "Зеркало недели" Telegram каналы жарыялаганын РИА Новости жазды. "Кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, АКШдан келген 500 миллиарддык жардамды тааныбайм. Жүз миллиардын да тааныбайм, биз президент Байден менен бул гранттык каражат деп сүйлөшкөнбүз. Грант — бул кайтарылууга жатпай турган акча. Грантты кайтарбайбыз", — деген Зеленский. Киев режиминин жетекчиси украиналыктардын ондогон муунун карызга батырган келишимге кол койбой турганын белгилеген.АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча келишимге ушул аптада эле жетишсе боло турганына үмүт артууда. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. "Президент менен анын командасы согушка чекит коюу үчүн эки тарап менен сүйлөшүүнү көздөп жатат. Өлкө башчы жыйынтык ушул аптада эле болоруна ишенет", — деген маалымат катчы. Администрация өкүлү Вашингтон активдүү дипломатиялык аракеттерди улантарын, ал эми президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц дем алыш күндөрү келишимди аяктоо үчүн күнү-түнү иштей турганын кошумчалаган. Левиттин айтымында, Трамп тынчтыкты орнотууга, бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга умтулуп жатат. "Бул анын ушул таптагы башкы максаты", — деп белгилеген ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092247272_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a168a7393d73dc06dfa77e69b52b0468.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио