https://sputnik.kg/20250219/talantbek-imanov-temir-zhol-kurulush-1092155452.html
Кыргызстандын бир тарабынан экинчи тарабына чейин темир жол салуу пландалууда
Кыргызстандын бир тарабынан экинчи тарабына чейин темир жол салуу пландалууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда. 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T14:37+0600
2025-02-19T14:37+0600
2025-02-19T14:44+0600
кыргызстан
талантбек иманов
темир жол
курулуш
инвестициялар
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092154632_0:302:3072:2030_1920x0_80_0_0_105b42cb2bc7e7bd6e96d744f3464dea.jpg.webp
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму "Трансевразиялык маршрут" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи.Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250120/bishkek-temir-zhol-kochuruu-baa-1091532084.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092154632_279:0:3010:2048_1920x0_80_0_0_a2ad92f29890f75236d94b228e39b212.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талантбек иманов, темир жол, курулуш, инвестициялар
кыргызстан, талантбек иманов, темир жол, курулуш, инвестициялар
Кыргызстандын бир тарабынан экинчи тарабына чейин темир жол салуу пландалууда
14:37 19.02.2025 (Жаңыртылды: 14:44 19.02.2025) БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.
Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму "Трансевразиялык маршрут" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.
Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи.
"Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет", — деди Иманов.
Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.