00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Экономика министрлиги менен Финансы министрлигине чакан жана орто бизнести колдоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылганын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Мында ишкерлер үчүн пайыздык ченди субсидиялоо тууралуу сөз болууда. "Азыр банктарда пайыздык чен абдан жогору. Менимче, алар "Айыл чарбаны каржылоо" программасы аркылуу берилген жеңилдетилген насыядан 2-3 пайызга көбүрөөк болот. Чакан жана орто бизнесте маржа жогору болгондуктан, пайыздык чен айыл чарбадагыдан жогору болушу керек", — деди Амангелдиев. Эскерте кетсек, былтыр "Айыл чарбаны каржылоо" программасы боюнча насыя 10 пайыздык үстөк менен берилген.
Учурда Бишкек шаарындагы 109 мектепте жүздү таануу функциясы бар камералар иштеп жатат. Калган мектептерде күзгө чейин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гузель Турдубаева билдирди. Анын айтымында АТРдин алкагында борборго кошулган мектептер аталган системага кошула элек. “Бишкек шаарында 120 муниципиалдык мектеп бар. Буга чейин 109 мектепте жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулган. Административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаага жаңы кошулган мектептерде бул система коюла элек. Буйруса кийинки окуу жылы башталганча бул система шаардагы бардык мектептерде орнотулуп, иштей баштайт", — деди Турдубаева. Ошондой эле ал өткөн жылдан тарта мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, анын алкагында күзөтчүлөрду саны да көбөйгөнүн кошумчалады.
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы бош кызмат орундарына талапкерлерди чакырат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, “Бишкек жашыл курулуш" ишканасы бир нече багыттагы кызматкерлерди издейт. Тактап айтканда, Оңдоо-курулуш участогунун адистери жана Атайын техниканын айдоочулары керек. Мекеме толук маалымат алуу үчүн 0312 37 53 32 номерлерине чалуу керектигин же Ташкент көчөсү, 17 дарегине баруу керектигин билдирди.
Өнөктөштөрдөн коопсуздук кепилдигин алмайынча Украина ок атууну токтотпойт. Бул тууралуу Владимир Зеленский британиялык Economist журналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Коопсуздук кепилдиги согуштун активдүү фазасы токтогонун түшүндүрөт. Ошондо бизге ал керек болот. Кепилдиксиз ок атууну токтотууга болбойт", — деген Киев режиминин жетекчиси. Зеленский, мындан тышкары, Telegram каналында АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина маселесинин чечилишин талкуулаганын жазган. "Жаңы эле Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Тынчтыкка келүүнү, сүйлөшүүлөрдү баштоого биздин даярдыгыбызды, Скотт Бессент менен коопсуздук, экономикалык жана ресурстук кызматташуу боюнча жаңы макулдашуунун түзүлүшүн талкууладык. Мындан ары да байланышта болуп турууну макулдаштык", — деген Зеленский. Ал Трамп Путин менен сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын айтып бергенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0