00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Россияда миграция көйгөйүнүн татаалдыгына карабастан, кыргыздарга каршы маанай жаралышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде эки өлкө бардык пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү экенин белгиледи. "Кыргызстандагы кесиптештер — бул биздин достор. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолукканда келечек тууралуу баарлашканбыз. Ошондой эле биз чече албай турган маселе жок экенин белгилегенбиз. Миграция көйгөйүнүн татаалдыгына карабастан, Россияда кыргыздарга каршы маанай жаралган жок жана жаралышы да мүмкүн эмес", — деди Швыдкой. Ал мамиле курууда саясий кызматташуу гана эмес, бизнес, маданият жана билим берүү тармагындагы адамдардын ортосундагы байланыш да маанилүү экенин кошумчалады.
Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2025-жылдын 10-февралына карата өлкөдө кызамык оорусунун 2 миң 46 учуру катталган. Маалыматка ылайык, катталган жалпы санды аймактарга бөлүштүрүүдө Бишкек шаары боюнча 1 миң 291, Ош шаары боюнча 95, Ош облусунда 147, Баткен облусунда 44, Чүй облусунда 311, Жалал-Абад облусунда 20, Ысык-Көл облусунда 43, Талас облусунда 40 жана Нарын облусунда 55 учур катталган. Алардын ичинен 1 миң 972 бейтап эмдөөдөн өткөн эмес. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызамыкка каршы күрөшүү боюнча алдын алуу жана ооруга каршы иш-чаралар күчөтүлдү.
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 10 жаңы тоо иштерин жөнгө салуучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Техникаларды энергетика министри Таалайбек Ибраев тапшырды. Министр жаңы техникалар көмүр тармагынын ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөөрүн айтып, аларды жоопкерчилик менен колдонууга чакырды. Аталган техникалар ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 36 млн 780 миң 600 сомго сатып алынган.
Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы ирет масштабдуу Экофорум өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, форумга Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мурастарын сактоо стратегиясын иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, экология боюнча эксперттердин, коомдук уюмдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын алкагында саркынды сууларды тазалоо боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгып, атайын жумушчу топ түзүлөт. Ошондой эле аймактагы экологиялык көзөмөлдү күчөтүү демилгеси сунушталат. Баяндамачылар көлгө болгон негизги коркунучтарды, ошондой эле аларды жеңүү жолдорун – сууну тазалоонун заманбап технологияларынан тартып мыйзам чыгаруу демилгелерине чейин талкуулашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0