00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:07
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Илон Масктын "Эркин Европа/Азаттык"* жана "Америка үнү" радиолорун жабуу сунушун колдой турганын билдирди. Өлкө башчы "Кабар" агенттигине маек курган.Анда Жапаров Дональд Трамп менен Илон Маск миллиардерлер экенин жана акча асмандан жаабай турганын жакшы билишерин айткан.Президент эл жаңылыктардын баарына ишене бербей талдаганды үйрөнгөнүн, кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай аларын белгилеген."Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда “эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат. Сотко берип баштаса “бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат. Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?" — деген ал.Жапаров ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырбоо керектигин белгилеген. Буга чейин америкалык ишкер Илон Маск "Эркин Европа/Азаттык радиосу"* менен "Америка үнүн" жабууга чакырган. Ал аталган медиалар америкалык салык төлөөчүлөрдөн түшкөн миллиарддаган доллар акчасын жок кылып жатышканын айтып, "аларды эч ким укпай калган. Булар өзү менен өзү сүйлөшкөн, акылынан тайган радикалдар" деген.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова иштен кетти. БШКнын жыйынында ал өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызын кароону өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын чечимин колдоп беришти.Шайлдабекова 2016-жылдын июнь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, кийин төрайымы болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында БШКнын жаңы курамы түзүлгөндүктөн кайрадан төрайым болуп шайланган.Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы жетекчиси болуп буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Тынчтык Шайназаров шайланды.
Ош шаардык мэриясына техника алууга 500 миллион сом бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, каражат Турукташтыруу фондунан берилмекчи. Турукташтыруу фонду өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлүп, аманат жана турукташтыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд болуп саналат.
27-февралдан баштап Вьетнамдын Нячанг шаарына түз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каттамдар аптасына үч жолу болуп, "Аэрономад" компаниясынын учактары менен жүргүзүлөт. Нячанг — Вьетнамдын түштүгүндөгү курорттук шаар.
Россия Батыштын Түштүк Кавказды геосаясий каршылашуунун аренасына айлантуу планын четке кагат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине курган маегинде РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдирди. Анын айтымында, регион Россия үчүн артыкчылыктуу аймак болуп саналат. "Приоритетте турган регионду башаламандыктан калкалоо үчүн колубуздан келген аракеттин баарын көрөбүз. Аймакты кызматташуунун, өнүгүүнүн чордонуна айлантуу ниетибиз бар. Бул — Россиянын түпкү максаты", — деген Галузин.
Жаңылыктар түрмөгү
0