00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Трамптын айрым аракеттери убадаларына карама-каршы келүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2025
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов "Экономикалык панорама" уктуруусунун алкагында АКШнын алдыдагы экономикалык саясатына сереп салды.
Дональд Трамп ааламдашуу саясатын жактабаган киши. Демек, алдыда Американын экономикалык саясаты өлкөнү кубаттандырууга багытталат. Ал ушул көз карашты колдогондордун добушу менен президенттикке келди. Эми берген убадаларын аткарууга белсенет, бирок азыркы аракеттеринде башаламандык бар. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы Америка 1950-жылдардагыдай кубаттуу эмес.
"Азыркы Америка экономикалык жактан бир топ алсырап турат. Буга чейинки президенти Жо Байдендин саясаты ааламдашууну жактап, ресурстарын терең изилдөөлөрсүз чачып, бир убакытта бир нече фронтто ойногонго аракет кылганынын кесепети өлкөнү ушул абалга кептеди. Азыркы президент Дональд Трамп дал ушул маселени жөнгө салам деп америкалыктарга убада берди. Бийликке келери менен мурдагы администрациянын бир нече чечимин жокко чыгарды. Бирок чөгүп бараткан кемени калыбына келтирүү машакаттуу иш да. Ал канчалык бизнесмен болбосун, бул оңойго турбайт. Андыктан азыр Трамп айрым учурларда башаламан саясат жүргүзүп жаткандай. Мисалы, ошол эле мигранттарга болгон мамилени айтсак. Аларды массалык кетирүү менен АКШда эмгек рыногунда таңсыктык жаралат. Мындай учурларда адис жетишсиздиги күчөп, талап бар жерде айлык акы жогорулайт. Жогорулаган айлык инфляцияны күчөтөт. Инфляция күчөгөн жерде пайыздык чендер көбөйөт. Жыйынтыгында акчанын куну өсөт. Ал эми мындай саясат Трамптын тарапташтары болгон өндүрүшчүлөргө туура келбейт. Өндүрүш өсүшү үчүн банктагы пайыздык чендер төмөн, акчанын куну аз болгону дурус. Экинчи маселе, Трамп жаңы энергетика булактарын эмес, баягы эле күйүүчү майды колдонорун жар салды. Анткени бул өндүрүшкө керек. Демек, мунай өндүргөн араб өлкөлөрүнөн аны арзан сатып алууну каалайт, алар дайыма кымбат сатсам дейт. Айтор, АКШ президентинин экономикалык саясаты бир кылка эмес", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле АКШнын алдыдагы экономикалык саясатын талкуулоого Трамп Улуттук банктан өкүл чакырбай койгону, ал өлкөдөгү кризиске толугу менен мурдагы бийликтин көз карашын колдогондорду жектеп, аларсыз эле жаңы кадамдарды баштаганын билдирип турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0