https://sputnik.kg/20250131/tramp-briks-olkoloru-dollardy-almashtyruu-1091753609.html
Трамп БРИКСтен долларды алмаштыруу ниетинен баш тартууну талап кылды
Трамп БРИКСтен долларды алмаштыруу ниетинен баш тартууну талап кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп БРИКС мамлекеттеринен өзүнчө валюта түзүү жана эл аралык соода-сатыкта америкалык доллардын ордун... 31.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-31T10:08+0600
2025-01-31T10:08+0600
2025-01-31T10:08+0600
дүйнөдө
акш
брикс
улуттук валюта
доллар
дональд трамп
пошлина
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091753044_0:0:3255:1831_1920x0_80_0_0_7088632e617045433a1721a7af9f769e.jpg
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп БРИКС мамлекеттеринен өзүнчө валюта түзүү жана эл аралык соода-сатыкта америкалык доллардын ордун алмаштыруучу башка бир валютага артыкчылык берүү аракеттеринен баш тартууну талап кылды. Болбосо 100 пайыздык пошлина киргизилерин өзүнө таандык TRUTH Social социалдык тармагына жарыялаган билдирүүсүндө айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Трамп АКШ доллардын соодадан четтешине жол бербей турганын айтып, буга дит койгон мамлекеттерге катаал чаралар колдонуларын эскерткен."Садага чабыла турган башка өлкөнү тандоолору керек болот. БРИКС мамлекеттеринин бири да долларды алмаштыра албайт", — деген өлкө башчы.Белгилей кетсек, Дональд Трамп президент катары кызматына киришери менен БРИКС мамлекеттерин 100 пайыздык пошлина менен коркуткан. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров мунун баары Ак үйдүн жаңы кожоюну АКШнын кызыкчылыгын кандай ыкмалар менен көздөй турганынан кабар берерин айткан.БРИКС мейкиндигинде бирдиктүү төлөм системасын киргизүү көптөн бери талкууланып келет. Валюта алтын эле эмес, сейрек кездешүүчү металлдар жана жер менен да камсыздалышы мүмкүн экени айтылган. Бирок валюта түзүү оңой эмес экенин эксперттик коомчулук эле эмес, өлкөлөрдүн бийликтери да айтууда, мисалы, РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин кыйынчылык улуттук мыйзамдарда экенин белгилеген.Ал эми РФ президенти Владимир Путин ноябрдын башында "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүү тууралуу айтууга азырынча эрте экенин жана ушу тапта мындай максат жок экенин билдирген. Анын айтымында, бул уюмга мүчө мамлекеттердин көбүрөөк интеграциясын жана структураларынын шайкештигин талап кылат. Өлкө башчысы Россиянын соодасынын үчтөн эки бөлүгү улуттук валютада жүрөрүн, БРИКС мамлекеттери менен бул көрсөткүч 88 пайыз экенин белгилеген.БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага 2011-жылы Россия, Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын башынан бери бул топко Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.
https://sputnik.kg/20241202/tramp-briks-olkolorun-opuzalay-bashtadyby-1090567543.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091753044_371:0:3102:2048_1920x0_80_0_0_c302b5e2428054d6d56a273e0413266a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, брикс, улуттук валюта, доллар, дональд трамп, пошлина
дүйнөдө, акш, брикс, улуттук валюта, доллар, дональд трамп, пошлина
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп БРИКС мамлекеттеринен өзүнчө валюта түзүү жана эл аралык соода-сатыкта америкалык доллардын ордун алмаштыруучу башка бир валютага артыкчылык берүү аракеттеринен баш тартууну талап кылды. Болбосо 100 пайыздык пошлина киргизилерин өзүнө таандык TRUTH Social социалдык тармагына жарыялаган билдирүүсүндө айткан. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Биз кастарын тиккен өлкөлөрдөн БРИКС валютасы түзүлбөйт жана кубаттуу америкалык доллардын орду алмаштырылбайт деген убадасын алышыбыз керек. Болбосо 100 пайыздык пошлина киргизилет да, америкалык рынокко жол жабылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Трамп АКШ доллардын соодадан четтешине жол бербей турганын айтып, буга дит койгон мамлекеттерге катаал чаралар колдонуларын эскерткен.
"Садага чабыла турган башка өлкөнү тандоолору керек болот. БРИКС мамлекеттеринин бири да долларды алмаштыра албайт", — деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп президент катары кызматына киришери менен БРИКС мамлекеттерин 100 пайыздык пошлина менен коркуткан. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров мунун баары Ак үйдүн жаңы кожоюну АКШнын кызыкчылыгын кандай ыкмалар менен көздөй турганынан кабар берерин айткан.
БРИКС мейкиндигинде бирдиктүү төлөм системасын киргизүү көптөн бери талкууланып келет. Валюта алтын эле эмес, сейрек кездешүүчү металлдар жана жер менен да камсыздалышы мүмкүн экени айтылган. Бирок валюта түзүү оңой эмес экенин эксперттик коомчулук эле эмес, өлкөлөрдүн бийликтери да айтууда, мисалы, РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин кыйынчылык улуттук мыйзамдарда экенин белгилеген.
Ал эми РФ президенти Владимир Путин ноябрдын башында "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүү тууралуу айтууга азырынча эрте экенин жана ушу тапта мындай максат жок экенин билдирген. Анын айтымында, бул уюмга мүчө мамлекеттердин көбүрөөк интеграциясын жана структураларынын шайкештигин талап кылат. Өлкө башчысы Россиянын соодасынын үчтөн эки бөлүгү улуттук валютада жүрөрүн, БРИКС мамлекеттери менен бул көрсөткүч 88 пайыз экенин белгилеген.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага 2011-жылы Россия, Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын башынан бери бул топко Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.