00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жеткиликтүү билим берүү
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруу иштери Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча да аягына чыгышы керектигин белгиледи. Эске салсак, 2022-жылдын март айында Жогорку Кеңеш "Жер мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, жалпы 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети "Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө" жобону бекиткен. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан бала кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ишембиде "Азия молл" соода борборунда бомба коюлганы кабарланып, милиция жарылуучу зат тапкан эмес.Бул боюнча кылмыш иши козголуп, милиция 17 жаштагы өспүрүмдү колго түшүргөн. Бала ата-энесинин кароосунда кое берилгени маалымдалды. Ал бомба тууралуу маалыматты башка эле бирөөнүн телефонун сурап таратканын айтып берген.Ошондой эле милиция бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.
Социалдык фонддо коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары аудитор кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, аталган фонддун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияны чыгарып алууну көздөшкөн. Бул үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалым каттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштурушканы айтылды.Учурда коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө.
Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.Иш-чарага Россиянын Башкы консулдугунун, “Руский домдун”, мэриянын, Кыргызстан элинин достугу ассамблеясынын өкүлдөрү, Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын аскер кызматкерлери, Афганстан ардагерлеринин кеңеши катышты. Иш-чаранын алкагында “Блокадалык нан” акциясы өттү. Катышуучулар 1942-жылдагы рецепт боюнча бышырылган 125 граммдык бир кесим нанды кармап көрүштү. Бул курчоодо калган Ленинграддын жашоочуларынын күнүмдүк тамактануу нормасы болгон.
Батыш Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага келе турган өлкө башчыларынын сапарын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мындай кадамдар азыр бир катар батыш мамлекеттеринин атайын кызматтары менен тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башкы максаты болуп турат.Чалгын кызматынын директору Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалап, фашисттик Германияны талкалоодо жана Европаны нацизмден бошотууда СССРдин салымын жокко чыгаруу аракеттери күчөп, өзгөчө бул Польша, Германия жана АКШда катуу байкалып жатканын белгилеген.Нарышкин мындай кадамдар да майнапсыз экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0