https://sputnik.kg/20250122/1091567838.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова социалдык объектилерди кайтарууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин кароо керектигин айтты.Бул маселе... 22.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-22T08:59+0600
2025-01-22T08:59+0600
2025-01-22T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091567706_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f3f9a93f0330f28a223bd941dc8fb5f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова социалдык объектилерди кайтарууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин кароо керектигин айтты.Бул маселе коррупционерлерге мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салган мыйзам каралып жатканда көтөрүлдү.Кожокулова Башкы прокуратурага кайрылып, бул маселени иштеп чыгууну сунуштады."Мамлекеттик мүлктү кайтарган маалда алардын ушунча жыл бою колдонулганын дагы эске алышыбыз керек. Өмүр бою киреше тапкан, эми завод, жер тилкеси жана башка нерселерди кайтарып бергенде кирешесинин бир бөлүгүн төлөп берсин", — деди Кожокулова. Буга чейин Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан тарта мамлекетке 1 174 объект кайтарылганын айткан.Дептат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген бул документ Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде биринчи окуудан өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн бир нече сунуш айтты. Анын негизгилеринин бири — шаарды тегерете жол салуу. Бул үчүн 47 чакырым жол жана 9 жаңы көпүрө салуу керек. Долбоордун наркы 110 миллион сом болору пландалууда.Мындан тышкары, ал жол чыракка карабастан оңго бурулууга уруксат берүү керектиги айтылды."Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде жана Россияда, светофорго карабастан оңго бурулууга уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдоочулар үчүн да керек", — деди Маматалиев.Ал эми Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-январдан баштап 21 көчөнүн кесилишинде "акылдуу светофорлор" пилоттук режимде иштеп баштаарын белгиледи. Анын айтымында, алар жасалма интеллектинин жардамы менен тыгынды азайтууга салым кошот.
Кыргызстан алгачкы ирет 1,7 миллиард доллар суммасында суверендүү облигация чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азия каржы форумуна катышкандан кийин China Daily басылмасына курган маегинде билдирген.Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык рынокко алгачкы ирет чыгат."Биз эл аралык капитал рыногун өлкөбүз үчүн маанилүү жана келечектүү каржылоо булагы катары карап жатабыз. Эмиссиянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми мурда жарыяланган маалыматтарга ылайык, төлөп берүү мөөнөтү 10 жылга жетет. Даярдык иштеринин алкагында суверендүү рейтингдерибизди жогорулатуу үчүн активдүү иштеп жатабыз. Бизге колдоо көрсөтүп жаткан консультанттар жана банктар менен да тыгыз кызматташып келебиз", — деди ал.Сыдыков Кыргызстан бир нече роуд-шоу форматында маалыматтык иш-чараларды өткөргөнүн, алардын айрымдары Гонконгдо уюштурулганын айтты.Сыдыков Гонконгдун финансы борбору катары статусун колдонуу менен инвесторлордун кызыгуусун арттырууну, ошондой эле алардын чөйрөсүн кеңейтип, диверсификациялоону көздөп жатышканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова социалдык объектилерди кайтарууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин кароо керектигин айтты.Бул маселе коррупционерлерге мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салган мыйзам каралып жатканда көтөрүлдү.Кожокулова Башкы прокуратурага кайрылып, бул маселени иштеп чыгууну сунуштады."Мамлекеттик мүлктү кайтарган маалда алардын ушунча жыл бою колдонулганын дагы эске алышыбыз керек. Өмүр бою киреше тапкан, эми завод, жер тилкеси жана башка нерселерди кайтарып бергенде кирешесинин бир бөлүгүн төлөп берсин", — деди Кожокулова. Буга чейин Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан тарта мамлекетке 1 174 объект кайтарылганын айткан.Дептат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген бул документ Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде биринчи окуудан өттү.Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн бир нече сунуш айтты. Анын негизгилеринин бири — шаарды тегерете жол салуу. Бул үчүн 47 чакырым жол жана 9 жаңы көпүрө салуу керек. Долбоордун наркы 110 миллион сом болору пландалууда.Мындан тышкары, ал жол чыракка карабастан оңго бурулууга уруксат берүү керектиги айтылды."Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде жана Россияда, светофорго карабастан оңго бурулууга уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдоочулар үчүн да керек", — деди Маматалиев.Ал эми Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-январдан баштап 21 көчөнүн кесилишинде "акылдуу светофорлор" пилоттук режимде иштеп баштаарын белгиледи. Анын айтымында, алар жасалма интеллектинин жардамы менен тыгынды азайтууга салым кошот.Кыргызстан алгачкы ирет 1,7 миллиард доллар суммасында суверендүү облигация чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азия каржы форумуна катышкандан кийин China Daily басылмасына курган маегинде билдирген.Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык рынокко алгачкы ирет чыгат."Биз эл аралык капитал рыногун өлкөбүз үчүн маанилүү жана келечектүү каржылоо булагы катары карап жатабыз. Эмиссиянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми мурда жарыяланган маалыматтарга ылайык, төлөп берүү мөөнөтү 10 жылга жетет. Даярдык иштеринин алкагында суверендүү рейтингдерибизди жогорулатуу үчүн активдүү иштеп жатабыз. Бизге колдоо көрсөтүп жаткан консультанттар жана банктар менен да тыгыз кызматташып келебиз", — деди ал.Сыдыков Кыргызстан бир нече роуд-шоу форматында маалыматтык иш-чараларды өткөргөнүн, алардын айрымдары Гонконгдо уюштурулганын айтты.Сыдыков Гонконгдун финансы борбору катары статусун колдонуу менен инвесторлордун кызыгуусун арттырууну, ошондой эле алардын чөйрөсүн кеңейтип, диверсификациялоону көздөп жатышканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091567706_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9ef82194ed099be3cb80cc14f1bbcd18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио