https://sputnik.kg/20250116/1091460637.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ректорлордун, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолукту... 16.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-16T17:00+0600
2025-01-16T17:00+0600
2025-01-16T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091460505_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_260a4cda5fde75b37b0bc48470c7a8d5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ректорлордун, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолукту. Анда Ташиев аталган тармакта коррупция дагы деле гүлдөп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, айрым мугалим жана жетекчилер өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына түрткү болууда. "2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Учурда көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде, мурда бул көрсөткүч үрөй учурган 70-80 пайызды түзүп келген", — деди Ташиев. УКМК төрагасы коррупцияга аралашканы үчүн 42 адам ээлеген кызматынан бошотулганын айтып, билим берүү системасынын кызматкерлерин бул жаман адат менен бирге күрөшүүгө чакырды.
Эски аянттагы Лениндин эстелиги алынбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Лениндин Эски аянттагы эстелигине тийбей турууну суранган Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевге жооп жазды. "Жогорку Кеңештин депутаты Лениндин эстелигине тийбей турууну өтүндү. Бирок эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Ал өз ордунда турат жана тура берет", — деп жазган Орунбеков. Лениндин эстелигин алуу министрлер кабинетинин планында жок экенин өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов да жазып чыкты.Эске салсак, Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин Турдакун Усубалиевдикине алмаштырууну сунуштаган.
1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген. "2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде. Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген.
"Керемет Банк" санкциялар боюнча чечимге даттануу үчүн АКШнын Финансы министрлигине кайрылат Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги банкты Россияга каршы чектөөлөрдү кыйгап өттү деп айыптап, аны санкциялык тизмесине киргизген. "Биз АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине"мыйзам бузууларга жол берилген" деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылабыз", — деп жазылат таратылган маалыматта. Ал арада Улуттук банк учурда банк сектору ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруштук бере аларын белгилеген.
Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр жайындагы чектөөлөрдү катаалдатууга каршы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Алар 2028-жылга чейин металлургия комплексинин айрым продукциялары үчүн санкциялык режимди киргизбей коюуга жетишишти. Биз бул мөөнөттү жана Россия экспорттой ала турган продукциянын көлөмүн кыскартууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз", — деген элчи. Ченцов россиялык компаниялар европа рыногундагы үлүшүн көбөйтүп жатканына нааразы болгону кошумчаланды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ректорлордун, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолукту. Анда Ташиев аталган тармакта коррупция дагы деле гүлдөп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, айрым мугалим жана жетекчилер өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына түрткү болууда. "2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Учурда көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде, мурда бул көрсөткүч үрөй учурган 70-80 пайызды түзүп келген", — деди Ташиев. УКМК төрагасы коррупцияга аралашканы үчүн 42 адам ээлеген кызматынан бошотулганын айтып, билим берүү системасынын кызматкерлерин бул жаман адат менен бирге күрөшүүгө чакырды.Эски аянттагы Лениндин эстелиги алынбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Лениндин Эски аянттагы эстелигине тийбей турууну суранган Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевге жооп жазды. "Жогорку Кеңештин депутаты Лениндин эстелигине тийбей турууну өтүндү. Бирок эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Ал өз ордунда турат жана тура берет", — деп жазган Орунбеков. Лениндин эстелигин алуу министрлер кабинетинин планында жок экенин өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов да жазып чыкты.Эске салсак, Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин Турдакун Усубалиевдикине алмаштырууну сунуштаган.1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген. "2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде. Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген."Керемет Банк" санкциялар боюнча чечимге даттануу үчүн АКШнын Финансы министрлигине кайрылат Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги банкты Россияга каршы чектөөлөрдү кыйгап өттү деп айыптап, аны санкциялык тизмесине киргизген. "Биз АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине"мыйзам бузууларга жол берилген" деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылабыз", — деп жазылат таратылган маалыматта. Ал арада Улуттук банк учурда банк сектору ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруштук бере аларын белгилеген. Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр жайындагы чектөөлөрдү катаалдатууга каршы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Алар 2028-жылга чейин металлургия комплексинин айрым продукциялары үчүн санкциялык режимди киргизбей коюуга жетишишти. Биз бул мөөнөттү жана Россия экспорттой ала турган продукциянын көлөмүн кыскартууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз", — деген элчи. Ченцов россиялык компаниялар европа рыногундагы үлүшүн көбөйтүп жатканына нааразы болгону кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091460505_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b84d5b86552c281984201c76b056c015.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио