https://sputnik.kg/20250115/bishkek-ramiz-aliyev-kommunaldyk-kyzmat-1091431817.html
Вице-мэр коммуналдык кызматтар үчүн акы эмнеге көп келип жатканын түшүндүрдү
Вице-мэр коммуналдык кызматтар үчүн акы эмнеге көп келип жатканын түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектиктерге коммуналдык кызматтар үчүн акы эмнеден улам көбөйтүлүп келип жатканын вице-мэр Рамиз Алиев түшүндүрдү. 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T16:14+0600
2025-01-15T16:14+0600
2025-01-15T16:14+0600
кыргызстан
бишкек
рамиз алиев
коммуналдык кызмат
төлөм
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054036406_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_9b392a65f31cbdf1b7fe50abcc0c88cd.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектиктерге коммуналдык кызматтар үчүн акы эмнеден улам көбөйтүлүп келип жатканын вице-мэр Рамиз Алиев түшүндүрдү.Ал коммуналдык кызматтар азыр бир квитанцияга бириктирилгенин, төлөм эсептелген маалда беш уюмдун ("Бишкек жылуулук энерго", "Бишкек жылуулук түйүнү", "Шаардык лифт", "Бишкек суу канал", "Тазалык") маалыматы салыштырылганын айтты.Вице-мэр учурда квитанцияларда алешемдик бар экенин моюндап, бирок бул бирдиктүү квитанция жасалганынан улам чыкканын айтты."Кимде ушундай жаңылыштык чыкса квартал башчысынан канча адам жашай тургандыгы тууралуу акт алып келсин, кайра эсептеп беребиз. Бул акт менен беш уюмдун каалаганына кайрылса болот, ал жактан башкаларына маалымат берилет", — деди Алиев.Ал ошондой эле Бишкекте 1,5 миллион адам жашаганы менен коммуналдык кызматты 800 миң гана тургун төлөй турганын айтып кейиди.Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары бишкектиктерге коммуналдык кызматтар үчүн акы туура эмес келип жатканын айтып чыгышкан.
https://sputnik.kg/20241219/kyrgyzstan-taalaybek-ibrayev-energetika-1090937953.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054036406_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_261ee4c6210b3b4fedfa1d2f0c432291.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, рамиз алиев, коммуналдык кызмат, төлөм
кыргызстан, бишкек, рамиз алиев, коммуналдык кызмат, төлөм
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектиктерге коммуналдык кызматтар үчүн акы эмнеден улам көбөйтүлүп келип жатканын вице-мэр Рамиз Алиев түшүндүрдү.
Ал коммуналдык кызматтар азыр бир квитанцияга бириктирилгенин, төлөм эсептелген маалда беш уюмдун ("Бишкек жылуулук энерго", "Бишкек жылуулук түйүнү", "Шаардык лифт", "Бишкек суу канал", "Тазалык") маалыматы салыштырылганын айтты.
"Ошол маалда, мисалы, "Тазалыктагы" маалымат боюнча үйдө үч адам жашаса, "Бишкек суу канал" боюнча ошол эле үйдө беш адам жашаганын көрдүк. Эки жакта тең жашаган адамдардын саны боюнча акт бар. Биз адамдын саны көп болгон маалыматка таянып, коммуналдык кызматтардын акысы ошого карата эсептелет деген чечимге келдик", — деди Алиев.
Вице-мэр учурда квитанцияларда алешемдик бар экенин моюндап, бирок бул бирдиктүү квитанция жасалганынан улам чыкканын айтты.
"Кимде ушундай жаңылыштык чыкса квартал башчысынан канча адам жашай тургандыгы тууралуу акт алып келсин, кайра эсептеп беребиз. Бул акт менен беш уюмдун каалаганына кайрылса болот, ал жактан башкаларына маалымат берилет", — деди Алиев.
Ал ошондой эле Бишкекте 1,5 миллион адам жашаганы менен коммуналдык кызматты 800 миң гана тургун төлөй турганын айтып кейиди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары бишкектиктерге коммуналдык кызматтар үчүн акы туура эмес
келип жатканын айтып чыгышкан.
19 Бештин айы 2024, 16:07