https://sputnik.kg/20250114/1091391860.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Стандартташтыруу жөнүндө"мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин... 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T09:00+0600
2025-01-14T09:00+0600
2025-01-14T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091391728_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9788a5dd6fcba0afae44c73376b62591.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Стандартташтыруу жөнүндө"мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат. Мыйзамда төмөнкүлөр каралган: — стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.; — улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор; — стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү — бул милдеттүү жана эсептик каттоо; — стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары. Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев жыйынга чейин ага берилген үйүлгөн кагаздарды көрсөттү. "Менимче, бул кагаз 1 миң сомго жакын турат. Ал эми бул бир гана депутатка берилет. "Балким, анын ордуна планшеттер менен камсыз кылышар? — деди парламентарий. Депутат Марлен Маматалиев кесиптешин колдоп, Айыл чарба министрлигинин долбоорунун алкагында Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү комитетинин депутаттарына планшеттер сатылып алынганын билдирди. Комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов 2025-жылдын бюджетинде Жогорку Кеңештин залдарын оңдоп-түзөөгө жана депутаттарга жакшы шарттарды түзүүгө акча бөлүнгөнүн, ал каражатка планшет сатып алса болорун айтты.
ЕАЭБ жана Кытай соода-экономикалык алака боюнча жол картасын жаңыртат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. 10-январда ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков менен Россиядагы Кытай элчилигинин өкүлү Лю Цзинь жолугушкан. Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2023-жылы бекитилген ЕАЭБ — Кытай жол картасын ишке ашырууну талкуулашты. Мындан сырткары, 2025-жылы өтө турган Биргелешкен комиссиянын бешинчи жыйынына даярдык көрүүнү макулдашышты. "Бул жылы жол картаны актуалдаштырып, ага соода көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүчү эң керектүү кызматташтык багыттарын кошууну сунуштайм", — деген Серпиков.
Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу. Алар Ош шаарына берилгенден кийин калган троллейбустар экени кошумчаланды. Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров "Стандартташтыруу жөнүндө"мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат. Мыйзамда төмөнкүлөр каралган: — стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.; — улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор; — стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү — бул милдеттүү жана эсептик каттоо; — стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары. Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев жыйынга чейин ага берилген үйүлгөн кагаздарды көрсөттү. "Менимче, бул кагаз 1 миң сомго жакын турат. Ал эми бул бир гана депутатка берилет. "Балким, анын ордуна планшеттер менен камсыз кылышар? — деди парламентарий. Депутат Марлен Маматалиев кесиптешин колдоп, Айыл чарба министрлигинин долбоорунун алкагында Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү комитетинин депутаттарына планшеттер сатылып алынганын билдирди. Комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов 2025-жылдын бюджетинде Жогорку Кеңештин залдарын оңдоп-түзөөгө жана депутаттарга жакшы шарттарды түзүүгө акча бөлүнгөнүн, ал каражатка планшет сатып алса болорун айтты.ЕАЭБ жана Кытай соода-экономикалык алака боюнча жол картасын жаңыртат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. 10-январда ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков менен Россиядагы Кытай элчилигинин өкүлү Лю Цзинь жолугушкан. Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2023-жылы бекитилген ЕАЭБ — Кытай жол картасын ишке ашырууну талкуулашты. Мындан сырткары, 2025-жылы өтө турган Биргелешкен комиссиянын бешинчи жыйынына даярдык көрүүнү макулдашышты. "Бул жылы жол картаны актуалдаштырып, ага соода көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүчү эң керектүү кызматташтык багыттарын кошууну сунуштайм", — деген Серпиков.Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу. Алар Ош шаарына берилгенден кийин калган троллейбустар экени кошумчаланды. Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091391728_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a85403f3db3f978f617c49f6497390b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио