00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Борбор калаада грек-рим жана эркин күрөш боюнча республикалык чемпионат өтөтКар жааган соң 2-3 күндөн кийин тоого чыкпаңыз! ӨКМ тоодо жүрүү эрежелерин эскерттиБишкекте тумоологондор көбөйүп, инфекциялык ооруканада кезек жаралдыАлдыда кененирээкБишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада бейтаптардын чоң кезеги жаралганын окурман билдирди.Муну Саламаттык сактоо министрлиги дагы тастыктап, оорулуулардын саны өскөнүн айтты. Аталган ооруканага кечээ 281 киши кайрылып, 93ү жаткырылган, анын 87си балдар. Мындайча айтканда, 70 пайызы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан консультация алып, үйүнөн дарылана турчу бейтаптар болгону белгиленди. Мекеме сууктун түшүшү менен курч кармаган вирустук инфекциялык илдеттер көбөйгөнүн, ошондой эле кызамык менен көк жөтөл дагы азая электигин белгиледи. Министрлик инфекциялык оорукана 500 кишиге ылайыкталганы менен учурда 596 адам жатканын (балдардын энелерин кошкондо 1000ден ашат), буга түшүнүү менен кароого чакырды. Ошондой эле шаардыктардан катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууну өтүнүштү. Зарылдык болсо алар стационарга жиберишет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы каникулда тоодо эс алып жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Ведомство жүрүштө төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөт: Жолдун татаалдыгын, климатка көнбөй туруп эч качан сапарга жалгыз чыкпаңыз; Эс алуу жайынын лыжа тилкесинин коопсуздугун алдын ала текшерип алыңыз; Тоого кар түшкөндөн кийин 2-3 күндөн соң туманда, катуу суукта чыкканга болбойт; Жөө жүрүш баштайм десеңиз эртең менен баштап, күн бата электе аяктаңыз; Спирт ичимдиктери өзгөчө тоодо жүргөндө зыян экенин унутпаңыз; Жаракат алсаңыз өзүңүздү колго алып, жардамга чакырыңыз; Башка каска, колго мээлей, күндөн күйүп калбаш үчүн ылайыктуу кийим алыңыз; Карлуу эңкейиштерден күн жакшы тие электе, кар эрий электе өтүп кетиңиз; Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлаңыз.
Кыргызстанда “Кылым банк” аттуу мамлекеттик банк түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда жазылган. Документте банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору жазылган. 2027-жылга чейин сумманы 5 миллиард сомго жеткирүү каралган. “Кылым банк” эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүргүзөт. Банк республиканын аймагында борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана номерлөөчү агенттин функциясын аткарат. Буга чейин мамлекеттик "Элдик банк", "Айыл банк" жана "Керемет банк" банктары бар болчу. ЖМКлар жаңы банктын акциясынын 75 пайызын люксембургдук компания сатып алганын жазышууда.
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 8-11-январь күндөрү грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышары айтылды. Мелдештер 8-январда саат 11:00дө башталмакчы. Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 килограмм; Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 килограмм.
Жаңылыктар түрмөгү
0