https://sputnik.kg/20241230/uzap-baratkan-zhyldyn-zharatylysh-apaattary-1091164726.html
Узап бараткан жылдагы жаратылыштын апааттары. Үшүткөн ирмемдер
Узап бараткан жылдагы жаратылыштын апааттары. Үшүткөн ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Зилзала, сел, бороон-чапкын, ташкын, вулкандардын атылышы... Булар ар кыл өлкөлөрдүн башына түшкөн мүшкүлдөрдүн чети эле. Sputnik узап бараткан жылдагы... 30.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-30T19:03+0600
2024-12-30T19:03+0600
2024-12-30T19:03+0600
дүйнөдө
жаратылыш кырсыгы
суу ташкыны
тайфун
өрт
сүрөт
сүрөт түрмөк
ураган
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091084215_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_e5cbba64bffa5071da56be6c3d905a3d.jpg
Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091084215_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_2225ed8652e54d244af4baeb540cb849.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жаратылыш кырсыгы, суу ташкыны, тайфун, өрт, сүрөт, сүрөт түрмөк, фото, ураган
дүйнөдө, жаратылыш кырсыгы, суу ташкыны, тайфун, өрт, сүрөт, сүрөт түрмөк, фото, ураган
Узап бараткан жылдагы жаратылыштын апааттары. Үшүткөн ирмемдер Зилзала, сел, бороон-чапкын, ташкын, вулкандардын атылышы... Булар ар кыл өлкөлөрдүн башына түшкөн мүшкүлдөрдүн чети эле. Sputnik узап бараткан жылдагы жаратылыштын катуу кырсыктарынын бир катарларын тизмектеди.
© AP Photo / Marco di Marco Вулкан атылгандан кийин капкара болгон лава жолду каптап келе жатат, Исландия
Вулкан атылгандан кийин капкара болгон лава жолду каптап келе жатат, Исландия
© Getty Images / Joe Raedle "Милтон" бороонунан кийинки көрүнүш. Пунта-Горда (Флорида, АКШ) аймагы.
"Милтон" бороонунан кийинки көрүнүш. Пунта-Горда (Флорида, АКШ) аймагы.
© AP Photo / Chiang Ying-ying Тайвандагы тайфун элдин шаштысын алды. Акыркы жети жылдагы болгон жараталыштын бул кырсыгынан улам эл коопсуз жайларга көчө качып кутулду. Анткен менен тарттырган чыгымы оңой болгон жок.
Тайвандагы тайфун элдин шаштысын алды. Акыркы жети жылдагы болгон жараталыштын бул кырсыгынан улам эл коопсуз жайларга көчө качып кутулду. Анткен менен тарттырган чыгымы оңой болгон жок.
© AP Photo / Chiang Ying-ying Тайвандагы жер титирегенден кийинки көрүнүш. 9 киши көз жуумп, 52си дайынсыз болгон. Миңден ашуун адам жабыркаган.
Тайвандагы жер титирегенден кийинки көрүнүш. 9 киши көз жуумп, 52си дайынсыз болгон. Миңден ашуун адам жабыркаган.
© AP Photo / Ricardo Mazalan Барбадостогу "Берилл" бороон-чапкындын кесепети
Барбадостогу "Берилл" бороон-чапкындын кесепети
© Sputnik / Alexandr Kryazhev / Медиабанкка өтүү Кубадагы жаратылыш кырсыгы. Бакты түбү менен омкоргон бороон 400дөн ашуун имаратты талкалаган. Бир топ мектеп менен ооруканалардын, үйлөрдүн ойронун чыгарган. 10 миңге чукул киши эвакуацияланган.
Кубадагы жаратылыш кырсыгы. Бакты түбү менен омкоргон бороон 400дөн ашуун имаратты талкалаган. Бир топ мектеп менен ооруканалардын, үйлөрдүн ойронун чыгарган. 10 миңге чукул киши эвакуацияланган.
© AP Photo / Esteban Felix Чилидеги өрт 100 кишинин өмүрүн алды
Чилидеги өрт 100 кишинин өмүрүн алды
© Sputnik / Vladimir Astapkovich / Медиабанкка өтүү Жырылган дамбанын кесепетин жоюуга жарым миңге чукул киши 125 техника менен чыккан. "Сүзүп" калган Орск (Россия) аймагы.
Жырылган дамбанын кесепетин жоюуга жарым миңге чукул киши 125 техника менен чыккан. "Сүзүп" калган Орск (Россия) аймагы.
© AP Photo / Niranjan Shrestha Непалдагы "капталдап" калган үйлөрдүн мындай абалга келишине нугунан чыккан дарыя күнөөлүү
Непалдагы "капталдап" калган үйлөрдүн мындай абалга келишине нугунан чыккан дарыя күнөөлүү
© AP Photo Бир карасаң чөлдөй, бир карасаң көлдөй. Марокконун чөлдө жайгашкан Мерзуга шаары жамгырдан кийин.
Бир карасаң чөлдөй, бир карасаң көлдөй. Марокконун чөлдө жайгашкан Мерзуга шаары жамгырдан кийин.
© AP Photo / Denes Erdos Ташкындаган Дунай камкор аялдын шаштысын кетиргени менен мышыгын таштай качканга мажбурлай алган жок
Ташкындаган Дунай камкор аялдын шаштысын кетиргени менен мышыгын таштай качканга мажбурлай алган жок
© AP Photo / Hiro Komae Силкинген жер күн чыгыштыктарды дайыма кыйнап келет. Жер титирөөдөн бузулган жол (Япония, Ното жарым аралы).
Силкинген жер күн чыгыштыктарды дайыма кыйнап келет. Жер титирөөдөн бузулган жол (Япония, Ното жарым аралы).
© AP Photo / Noah Berger Бул койот тилсиз жоодон кантип кутулду экен?.. Американын Калифорниясында чыккан өрт алааматка айланды.
Бул койот тилсиз жоодон кантип кутулду экен?.. Американын Калифорниясында чыккан өрт алааматка айланды.
© AP Photo / Alberto Saiz Испандияда ташкын болуп, 223 киши көз жумду. 2000 адам дайынсыз болуп, издөөгө алынды.
Испандияда ташкын болуп, 223 киши көз жумду. 2000 адам дайынсыз болуп, издөөгө алынды.
© AP Photo / Aaron Favila Филиппиндеги жаратылыштын кырсыгы. Мүрзөлөрдү каптаган суу. Тирүүлөргө түйшүк жаралды. Бул тропикалык "Трами" штормунун кесепети. Филиппин, Вьетнам, Камбоджа, Таиланд жана Лаоско кесепети оңбогондой тийип, баш-аягы 178 адам каза тапкан.
Филиппиндеги жаратылыштын кырсыгы. Мүрзөлөрдү каптаган суу. Тирүүлөргө түйшүк жаралды. Бул тропикалык "Трами" штормунун кесепети. Филиппин, Вьетнам, Камбоджа, Таиланд жана Лаоско кесепети оңбогондой тийип, баш-аягы 178 адам каза тапкан.