https://sputnik.kg/20241230/dietolog-zha-y-zhyl-tamak-ash-marina-dujshonkulova-1091094013.html
3-4 күнгө деп чаралап салат жасабагыла. Диетолог жаңы жылдык дасторкон тууралуу
3-4 күнгө деп чаралап салат жасабагыла. Диетолог жаңы жылдык дасторкон тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык дасторконду түрдүү тамак-аш, таттуу, ичимдиктер менен толтуруп тосуу кажетпи? Мунун баарын аралаштырып жеген адамдын ашказаны кандай абалда болот?.. 30.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-30T15:47+0600
2024-12-30T15:47+0600
2024-12-30T15:48+0600
кыргызстан
диетолог
жаңы жыл
тамак-аш
марина дүйшөнкулова
видео
маек
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1e/1091169761_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_250f65db81db3714dbb2bee2ce37c083.jpg
Жаңы жылдык дасторконду түрдүү тамак-аш, таттуу, ичимдиктер менен толтуруп тосуу кажетпи? Мунун баарын аралаштырып жеген адамдын ашказаны кандай абалда болот? Салаттагы азыктардын витаминин сактап калуу үчүн аны кантип даярдоо керек? Бул суроолорго Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, диетолог Марина Дүйшөнкулова жооп берди.Ал Жаңы жыл майрамындагы дасторконду даярдоодо тамак-аштын көлөмүнөн тышкары, андагы азыктардын курамына дагы маани берүүгө чакырды.Ошондой эле ал майрамга салатка жашылчаларды кайнатууда кабыгын аарчыбай, идиштин капкагын жаап бышыруу менен андагы витаминдердин 70 пайызын сактап калуу мүмкүн экенин айтып берди. Дүйшөнкулова негизинен салаттарды чийки жашылчалардан жасоону сунуштады. Мындан тышкары, үч-төрт күн жейм деп чаралап оливье жасоо туура эмес экенин, андагы майонез төрт сааттан кийин эле бузула баштаарын түшүндүрдү.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1e/1091169761_350:0:1790:1080_1920x0_80_0_0_5deacf37c80c095caf4a00106b56d61f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
кыргызстан, диетолог, жаңы жыл, тамак-аш, марина дүйшөнкулова, видео, маек, видео
кыргызстан, диетолог, жаңы жыл, тамак-аш, марина дүйшөнкулова, видео, маек, видео
Жаңы жылдык дасторконду түрдүү тамак-аш, таттуу, ичимдиктер менен толтуруп тосуу кажетпи? Мунун баарын аралаштырып жеген адамдын ашказаны кандай абалда болот? Салаттагы азыктардын витаминин сактап калуу үчүн аны кантип даярдоо керек? Бул суроолорго Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, диетолог Марина Дүйшөнкулова жооп берди.
Ал Жаңы жыл майрамындагы дасторконду даярдоодо тамак-аштын көлөмүнөн тышкары, андагы азыктардын курамына дагы маани берүүгө чакырды.
"Бул күндөгү көрүнүштү мындай сүрөттөйт элем. Кандайдыр бир көлөмдөгү идишти алалы дагы, ага сууну куялы, салатты салалы, анын үстүнө эт салабыз, жашылча-жемишти, андан кийин таттууларды, кээ бирлер анын үстүнө спирт ичимдигин кошот, анан "көп тоюп алдым, аш кылып коёюн" деп таттуу суусундуктарды ичишет. Ошентип туруп идиштин капкагын жаап, коюп коёлу. Бир-эки саатта жанагы аралашма кычып кетет да. Биздин ичибизде деле ошондой көрүнүш болот. Болгону биз аны көрбөйбүз, жытын билбейбиз. Менимче, ашказанды антип кыйноонун кажети жок", — деди адис.
Ошондой эле ал майрамга салатка жашылчаларды кайнатууда кабыгын аарчыбай, идиштин капкагын жаап бышыруу менен андагы витаминдердин 70 пайызын сактап калуу мүмкүн экенин айтып берди. Дүйшөнкулова негизинен салаттарды чийки жашылчалардан жасоону сунуштады. Мындан тышкары, үч-төрт күн жейм деп чаралап оливье жасоо туура эмес экенин, андагы майонез төрт сааттан кийин эле бузула баштаарын түшүндүрдү.