https://sputnik.kg/20241224/1091035351.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев... 24.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-24T13:00+0600
2024-12-24T13:00+0600
2024-12-24T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091035219_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9c036d7d46d39473a465dc31d02bec01.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, минкаб жетекчиси аппараттык кеңешме өткөргөн. Анда Касымалиев III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, Курултайдын катчылыгы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын план түзүүнү тапшырган.Ошондой эле өлкө ИДПсын 2025-жылга 1,8 триллионго жеткирип, консолидацияланган бюджетти 700 миллиард сомдон ашыруу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди. "2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт", — деди Касымалиев.Минкаб башчысы мамлекеттик органдар алдыга койгон пландарды, жасай турган реформалар тууралуу маалыматты иштеп чыгууну тапшырганы кошумчаланды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору болуп дайындалган. Ал кызматты ээлеп турган Уларбек Шаршеев дагы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.Ал эми УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дагы кызматынан бошотулуп, Баткен облусун жетектөөгө жөнөтүлдү.
Келерки жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 70-100 пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.Мамлекет башчы реконструкцияланган академиянын ачылышында кызматкерлердин айлыгы жогорулай турганын убадалаган.Буга чейин ЖК депутаты Илимдер академиясынын жаш кызматкерлери орточо 9 миң сом айлык аларын айткан эле.
Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны чакыртып алды. Бул туурасында кеңештин төрагасы Шамиль Аляутдиновдун Telegram каналына жазылган. "РФ муфтиятынын Аалымдар кеңеши ЖМКда тараган Башкы прокуратуранын "Россиянын мусулман коомчулугундагы көп аял алуучулук көйгөйү" фатвасын жокко чыгаруу талабы боюнча маалыматтан жана россиялык коомчулуктун реакциясынан улам мурдагы чечимин чакыртып алды. Бардыгы Кудайдын колунда, андыктан РФтин мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши талашып-тартышуунун мааниси жок деп эсептейт", — деп айтылган Аляутдиновдун каналында.Андан мурдараак РИА Новостиге өзүнүн маалымат булагы Россиянын Башкы прокуратурасы муфтиятка аталган мыйзам бузууну четке кагуу боюнча сунуштама жөнөткөнүн айтып берген. Көзөмөл органы көп аялдуулукка жол берген бул фатва мыйзамга жана үй-бүлөнү сактоо, бекемдөө жаатындагы россиялыктардын руханий-адептик баалуулук боюнча мамлекеттик саясатына каршы келерин белгилеген. Маалымат берген кишинин айтымында, Башкы прокуратура Россиянын Үй-бүлө кодексинде атуулдун катталган никеси болсо анын үстүнө дагы бир никеге турууга жол бербестигин эскерткен.
2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, минкаб жетекчиси аппараттык кеңешме өткөргөн. Анда Касымалиев III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, Курултайдын катчылыгы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын план түзүүнү тапшырган.Ошондой эле өлкө ИДПсын 2025-жылга 1,8 триллионго жеткирип, консолидацияланган бюджетти 700 миллиард сомдон ашыруу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди. "2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт", — деди Касымалиев.Минкаб башчысы мамлекеттик органдар алдыга койгон пландарды, жасай турган реформалар тууралуу маалыматты иштеп чыгууну тапшырганы кошумчаланды.Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору болуп дайындалган. Ал кызматты ээлеп турган Уларбек Шаршеев дагы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.Ал эми УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дагы кызматынан бошотулуп, Баткен облусун жетектөөгө жөнөтүлдү.Келерки жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 70-100 пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.Мамлекет башчы реконструкцияланган академиянын ачылышында кызматкерлердин айлыгы жогорулай турганын убадалаган.Буга чейин ЖК депутаты Илимдер академиясынын жаш кызматкерлери орточо 9 миң сом айлык аларын айткан эле. Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны чакыртып алды. Бул туурасында кеңештин төрагасы Шамиль Аляутдиновдун Telegram каналына жазылган. "РФ муфтиятынын Аалымдар кеңеши ЖМКда тараган Башкы прокуратуранын "Россиянын мусулман коомчулугундагы көп аял алуучулук көйгөйү" фатвасын жокко чыгаруу талабы боюнча маалыматтан жана россиялык коомчулуктун реакциясынан улам мурдагы чечимин чакыртып алды. Бардыгы Кудайдын колунда, андыктан РФтин мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши талашып-тартышуунун мааниси жок деп эсептейт", — деп айтылган Аляутдиновдун каналында.Андан мурдараак РИА Новостиге өзүнүн маалымат булагы Россиянын Башкы прокуратурасы муфтиятка аталган мыйзам бузууну четке кагуу боюнча сунуштама жөнөткөнүн айтып берген. Көзөмөл органы көп аялдуулукка жол берген бул фатва мыйзамга жана үй-бүлөнү сактоо, бекемдөө жаатындагы россиялыктардын руханий-адептик баалуулук боюнча мамлекеттик саясатына каршы келерин белгилеген. Маалымат берген кишинин айтымында, Башкы прокуратура Россиянын Үй-бүлө кодексинде атуулдун катталган никеси болсо анын үстүнө дагы бир никеге турууга жол бербестигин эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091035219_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ced58df4c1709681c4d267381228bfc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио