https://sputnik.kg/20241223/kyrgyzstan-erdik-ordeni-kyrsyk-1091016643.html
Күйгөн унаанын айдоочусун куткарган соң көз жумган милиция кызматкерлери сыйланды
Күйгөн унаанын айдоочусун куткарган соң көз жумган милиция кызматкерлери сыйланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздон адамды куткарып, кийин каза болгон эки милиция кызматкерине III даражадагы Эрдик ордени... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T13:03+0600
2024-12-23T13:03+0600
2024-12-23T13:03+0600
кыргызстан
кырсык
милиция
баткен
"эрдик" ордени
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079966302_0:345:960:885_1920x0_80_0_0_37175fb73a0bc5d6a8aa379a17596dbd.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздон адамды куткарып, кийин каза болгон эки милиция кызматкерине III даражадагы Эрдик ордени ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктардан белгилүү болду.Ага ылайык, III даражадагы Эрдик ордени менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дилмурат Шамшиев сыйланган (экөө тең каза болгондон кийин).Эске салсак, былтыр 27-октябрда Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен. Дал ушул кырсыкта Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берип, аны аман алып калышкан. Бирок катуу күйүк алгандыктан 2-ноябрда Дилмурат Шамшиев, 6-ноябрда Орозмамат Акуналиев ооруканада каза болуп калышкан.
https://sputnik.kg/20241223/kyrgyzstan-sabyrbek-zhumabekov-daryger-1091014375.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079966302_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_70db2ec2f8e9dbd2529f60ce821634fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кырсык, милиция, баткен, "эрдик" ордени
кыргызстан, кырсык, милиция, баткен, "эрдик" ордени
Күйгөн унаанын айдоочусун куткарган соң көз жумган милиция кызматкерлери сыйланды
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздон адамды куткарып, кийин каза болгон эки милиция кызматкерине III даражадагы Эрдик ордени ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктардан
белгилүү болду.
Ага ылайык, III даражадагы Эрдик ордени менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дилмурат Шамшиев сыйланган (экөө тең каза болгондон кийин).
Эске салсак, былтыр 27-октябрда Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып,
үчөө тең күйүп кеткен. Дал ушул кырсыкта Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берип, аны аман алып калышкан. Бирок катуу күйүк алгандыктан
2-ноябрда Дилмурат Шамшиев, 6-ноябрда Орозмамат Акуналиев ооруканада
каза болуп калышкан.