00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
23-декабрдан тарта ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталатТрамп Евробиримдикти кошумча тарифтер менен опузалады Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун инвестициялык макулдашуусуна кол коюлдуАлдыда кененирээк20-декабрда Бишкектеги президенттин “Ынтымак-Ордо” администрациясында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Документ министрлер кабинети менен “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу" компаниясынын ортосунда макулдашылганын өкмөттөн кабарлашты.Макулдашууга Кыргызстан тараптан Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ал эми инвестор тараптан – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүнкү кол коюу сүйлөшүүлөр процессинин узак жана татаал мезгилинен аймактык жана эл аралык мааниси терең масштабдагы инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруунун практикалык планына өтүп жаткан кадам экенин белгилеген. Бул иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Иязходжаев баштаган делегация мүчөлөрү катышкан. Документте долбоорлоо, курулуш иштери, каржылоо, эксплутация жана техникалык иштер тууралуу тартиптер көрсөтүлгөн.
Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөктүк төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт: биринчи тур 2024-жылдын 23-25-декабрында; экинчи тур 2025-жылдын 13-15-январында; үчүнчү тур 2025-жылдын 20-22-январында; төртүнчү тур 2025-жылдын 27-29-январында. Министрлик ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу акы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөрүн белгиледи. Университеттердин жана кесиптердин тизмеси, катталуу жана жеке кабинети боюнча нускама министрликтин сайтына жайгаштырылган. Ошондой эле 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыктары сынакка катышуу үчүн жарактуу экени айтылды. Окуу жайларга жылына эки жолу кабыл алуу механизми билим алууну жеткиликтүү кылуу максатында иштелип чыкканы кошумчаланды.
Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды. "Мен Евробиримдикке АКШ менен болгон мамиледеги чоң кемчилигин биздин мунай менен газды сатып алып толуктай турганын айттым. Болбосо туруктуу алым каралат", — деди АКШнын жаңы шайланган президенти. РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген. Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган.Мындан тышкары, кызматка киришкенден кийин, 20-январдан тарта, Мексика менен Канададан келген бардык товарларга 25 пайыздык тарифтерди киргизүү боюнча жарлыкка кол кое турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0