https://sputnik.kg/20241220/kyrgyzstan-zhozh-kabyl-aluu-zhrt-1090978999.html
23-декабрдан тарта ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталат
23-декабрдан тарта ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим... 20.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-20T16:57+0600
2024-12-20T16:57+0600
2024-12-20T16:58+0600
кыргызстан
билим берүү
жож
кабыл алуу
жрт
https://sputnik.kg/img/104875/77/1048757706_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_05a3999a7afe05e589cc76d730555a4c.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, өнөктүк төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:Министрлик ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу акы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөрүн белгиледи.Университеттердин жана кесиптердин тизмеси, катталуу жана жеке кабинети боюнча нускама министрликтин сайтына жайгаштырылган.Ошондой эле 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыктары сынакка катышуу үчүн жарактуу экени айтылды.Окуу жайларга жылына эки жолу кабыл алуу механизми билим алууну жеткиликтүү кылуу максатында иштелип чыкканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20241220/migrant-baldar-test-akysyz-1090962623.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104875/77/1048757706_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_94a6efecd4885ff8bb8e68481d083c32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, билим берүү, жож, кабыл алуу, жрт
кыргызстан, билим берүү, жож, кабыл алуу, жрт
23-декабрдан тарта ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталат
16:57 20.12.2024 (Жаңыртылды: 16:58 20.12.2024) БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өнөктүк төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:
биринчи тур 2024-жылдын 23-25-декабрында;
экинчи тур 2025-жылдын 13-15-январында;
үчүнчү тур 2025-жылдын 20-22-январында;
төртүнчү тур 2025-жылдын 27-29-январында.
Министрлик ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу акы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөрүн белгиледи.
Университеттердин жана кесиптердин тизмеси, катталуу жана жеке кабинети боюнча нускама министрликтин
сайтына жайгаштырылган.
Ошондой эле 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыктары сынакка катышуу үчүн жарактуу экени айтылды.
Окуу жайларга жылына эки жолу кабыл алуу механизми билим алууну жеткиликтүү кылуу максатында иштелип чыкканы кошумчаланды.