https://sputnik.kg/20241220/1090971500.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Анын... 20.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-20T15:00+0600
2024-12-20T15:00+0600
2024-12-20T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/14/1090971368_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8c0862eb46e008cc8a43dd88cf1fdfa9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Курултай глобалдык жана улуттук маселелерди талкуулай турган аянтчага айланышы керек. "Сиздерге учурдагы абалды баалоо гана эмес, алдыбыздагы баса турган жолду аныктап, жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүүнүн эң орчундуу багыттарын белгилеген кайрылуу менен чыгуудамын. Биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз", — деди мамлекет башчы. Ошондой эле мамлекет башчы кайрылуусунда коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш улантыларын,Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкканын кошумчалады. Мунун менен катар экономикалык жааттагы бир нече орчунду долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи.
Бишкек мэриясы ТЭЦке миллиард сом насыя алууга белсенүүдө. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңешке кайрылуусунда айтылган. Кайрылууда "Бишкек жылуулук электр борбору" ишканасы өзүнүн кредиттик карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алууга макулдук берүүнү суранган. Маалыматта тарифтер социалдык багытта болгондуктан калкка берилген жылуулук өздүк наркын жаппай турганы айтылган. Энергия өндүрүү үчүн көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатып алынары, бул айда өндүрүлгөн энергиянын акчасы (киреше) бир айдан кийин түшөрү да белгиленген. Күрөөгө "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлган. Ишкана жылуулук жана электр энергиясын сатып, чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен кредитти төлөөнү пландоодо.
Жалал-Абад шаарында жаны аллея курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аллеянын эскиздик долбоору Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашылып, анын негизинде курулуш иштери башталды. Аталган аймак шаар тургундарынын сейилдөөсү үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Украина Россия менен убактылуу кепке келгенден кийинки согуш утурумдук токтотулган кырдаалда жашай албайт. Бул туурасында Владимир Зеленский Брюсселдеги маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды. "Жарашуу туурасында айтсак, биз чатак убактылуу токтотулган кырдаалда жашай албастыгыбызды түшүнүшүңөр керек", — деген ал. Киев режиминин башчысы эгер окуялар мындай өңүттө өнүгүп отурса, жыйынтыгында согуш кайра жанданарын кошумчалаган. Кечээ, 19-декабрда, Россия президенти Владимир Путин Украина менен кепке келүү Киев режиминин аскерлерди даярдап, армияны кубаттандырып алуусуна жакшы жардамын берерин айткан. Мамлекеттин башчысы Москвага Россиянын өзүнө жана жарандарына кепилдик берилген узак мөөнөттөгү туруктуу тынчтык керектигин айткан.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Курултай глобалдык жана улуттук маселелерди талкуулай турган аянтчага айланышы керек. "Сиздерге учурдагы абалды баалоо гана эмес, алдыбыздагы баса турган жолду аныктап, жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүүнүн эң орчундуу багыттарын белгилеген кайрылуу менен чыгуудамын. Биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз", — деди мамлекет башчы. Ошондой эле мамлекет башчы кайрылуусунда коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш улантыларын,Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкканын кошумчалады. Мунун менен катар экономикалык жааттагы бир нече орчунду долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Бишкек мэриясы ТЭЦке миллиард сом насыя алууга белсенүүдө. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңешке кайрылуусунда айтылган. Кайрылууда "Бишкек жылуулук электр борбору" ишканасы өзүнүн кредиттик карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алууга макулдук берүүнү суранган. Маалыматта тарифтер социалдык багытта болгондуктан калкка берилген жылуулук өздүк наркын жаппай турганы айтылган. Энергия өндүрүү үчүн көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатып алынары, бул айда өндүрүлгөн энергиянын акчасы (киреше) бир айдан кийин түшөрү да белгиленген. Күрөөгө "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлган. Ишкана жылуулук жана электр энергиясын сатып, чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен кредитти төлөөнү пландоодо.Жалал-Абад шаарында жаны аллея курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аллеянын эскиздик долбоору Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашылып, анын негизинде курулуш иштери башталды. Аталган аймак шаар тургундарынын сейилдөөсү үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт.Украина Россия менен убактылуу кепке келгенден кийинки согуш утурумдук токтотулган кырдаалда жашай албайт. Бул туурасында Владимир Зеленский Брюсселдеги маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды. "Жарашуу туурасында айтсак, биз чатак убактылуу токтотулган кырдаалда жашай албастыгыбызды түшүнүшүңөр керек", — деген ал. Киев режиминин башчысы эгер окуялар мындай өңүттө өнүгүп отурса, жыйынтыгында согуш кайра жанданарын кошумчалаган. Кечээ, 19-декабрда, Россия президенти Владимир Путин Украина менен кепке келүү Киев режиминин аскерлерди даярдап, армияны кубаттандырып алуусуна жакшы жардамын берерин айткан. Мамлекеттин башчысы Москвага Россиянын өзүнө жана жарандарына кепилдик берилген узак мөөнөттөгү туруктуу тынчтык керектигин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/14/1090971368_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_60346e0247395cc9526650335f5d1aa5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио