https://sputnik.kg/20241207/1090660085.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Глобалдык инновациялык индекс боюнча 7 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Астанада өткөн "Антиконтрафакт-2024" форумунда белгилүү болду. Маалыматка... 07.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-07T08:59+0600
2024-12-07T08:59+0600
2024-12-07T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/07/1090659953_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_654d522be4c3a1025e4a423571b1f1b1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Глобалдык инновациялык индекс боюнча 7 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Астанада өткөн "Антиконтрафакт-2024" форумунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, иш-чарада ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде 2019-2023-жылдары интеллектуалдык менчик жаатындагы абал боюнча аналитикалык обзор сунушталды. Документте өткөн жылы Армения Глобалдык инновациялык индекс рейтингинде тогуз позицияга жогорулап 63-орунду ээледи. Кыргызстан жети позицияга көтөрүлүп, 99-орунду алды, ал эми Казакстан үч позицияга өсүп, 78-орунга жетти. ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун маалыматы боюнча, акыркы беш жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык мыйзам бузуу фактылары катталып, 60 миллиондон ашык контрафактылык товарлар алынган.
Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйында белгиленгендей, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болмокчу. "Айрым ЖМКлар редакциялык саясатына байланыштуу баш тартышты. Биз тараптан сынакка катыштырбай коюуга чектөө коюлган жок. Кийинки жылдары бул сыйлыкка өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Орунбеков. "Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.
АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан ооз ачпайт, себеби орустар жана орус тилде сүйлөгөн калк үчүн ага толук тыюу салынганын көрүп турушат. Бул туурасында Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго интервью берип жатып айтты. "АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан айтышпайт. Себеби, сөз болуп жаткан бул укуктар орустар жана орус тилде сүйлөгөндөр үчүн толук тыюу салынган", — деди Лавров.Муну ал дагы тереңирээк түшүндүргөн. "Мисалга, айтор бир согушту алалы. Ага АКШ, Улуу Британия жана ЕБ кийлигишет. Адам укуктары орой түрдө бузулгандыгын жана "жарандардын укуктарын кайсы бир жерлерде калыбына келтирүү" керектигин айтышат. Ал эми Украинада "адам укугу" деген сөз эч качан айтылбайт", — деп кошумчалаган.
Кыргызстан Глобалдык инновациялык индекс боюнча 7 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Астанада өткөн "Антиконтрафакт-2024" форумунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, иш-чарада ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде 2019-2023-жылдары интеллектуалдык менчик жаатындагы абал боюнча аналитикалык обзор сунушталды. Документте өткөн жылы Армения Глобалдык инновациялык индекс рейтингинде тогуз позицияга жогорулап 63-орунду ээледи. Кыргызстан жети позицияга көтөрүлүп, 99-орунду алды, ал эми Казакстан үч позицияга өсүп, 78-орунга жетти. ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун маалыматы боюнча, акыркы беш жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык мыйзам бузуу фактылары катталып, 60 миллиондон ашык контрафактылык товарлар алынган.Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйында белгиленгендей, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болмокчу. "Айрым ЖМКлар редакциялык саясатына байланыштуу баш тартышты. Биз тараптан сынакка катыштырбай коюуга чектөө коюлган жок. Кийинки жылдары бул сыйлыкка өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Орунбеков. "Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан ооз ачпайт, себеби орустар жана орус тилде сүйлөгөн калк үчүн ага толук тыюу салынганын көрүп турушат. Бул туурасында Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго интервью берип жатып айтты. "АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан айтышпайт. Себеби, сөз болуп жаткан бул укуктар орустар жана орус тилде сүйлөгөндөр үчүн толук тыюу салынган", — деди Лавров.Муну ал дагы тереңирээк түшүндүргөн. "Мисалга, айтор бир согушту алалы. Ага АКШ, Улуу Британия жана ЕБ кийлигишет. Адам укуктары орой түрдө бузулгандыгын жана "жарандардын укуктарын кайсы бир жерлерде калыбына келтирүү" керектигин айтышат. Ал эми Украинада "адам укугу" деген сөз эч качан айтылбайт", — деп кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/07/1090659953_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a3d9b4fb932b6bc497943f129ae95679.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио