https://sputnik.kg/20241204/zhyldyz-taalaybek-kyzy-tameki-ayyp-pul-1090595260.html
Белгиленбеген жерде чылым чеккендердин жазасын жеңилдетүү сунушталууда
Белгиленбеген жерде чылым чеккендердин жазасын жеңилдетүү сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Белгиленбеген жерде тамеки тартка адамдарга жазаны жеңилдетип, айып пулдун 30 пайызыны төлөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун... 04.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-04T10:32+0600
2024-12-04T10:32+0600
2024-12-04T10:32+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
жылдыз таалайбек кызы
тамеки
айып пул
https://sputnik.kg/img/103055/12/1030551297_0:160:3076:1890_1920x0_80_0_0_897f21b07e80c85b10ca5157f04a07de.jpg
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Белгиленбеген жерде тамеки тартка адамдарга жазаны жеңилдетип, айып пулдун 30 пайызыны төлөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Жылдыз Таалайбек кызы демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 83-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар 3000 сом айып пул төлөшү керек.Башкача айтканда, быйыл 5-мартта айып пулдун өлчөмү 1000 сомдон 3000 сомго жогорулаганы төлөмдөрдүн азайышына таасир эткени айтылды."Ошондой эле төлөмдөр кечиктирилген ар бир күн үчүн 1 пайыз туум кошулат. Мында туумдун эң жогорку өлчөмү айып пулдун салынган өлчөмүнүн 100 пайыз эсебинде болушу мүмкүн, демек жалпы өлчөмү 6000 сомго жетиши мүмкүн. Бул жарандар үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн", — деген демилгечи.Мындан улам мыйзамга өзгөртүү сунушталып, айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда. Ошондой айыптын суммасы 900 сомду түзөт. Эгерде жаран бир жыл ичинде кайрадан ушундай укук бузууга жол берсе, бул жеңилдик каралбайт.
https://sputnik.kg/20241122/kyrgyzstan-sadyr-zhaparov-elektronduk-chylym-1090360650.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103055/12/1030551297_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_f4d84201b5ffcde1b547650ca2c14ec8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, жылдыз таалайбек кызы, тамеки, айып пул
кыргызстан, жогорку кеңеш, жылдыз таалайбек кызы, тамеки, айып пул
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Белгиленбеген жерде тамеки тартка адамдарга жазаны жеңилдетип, айып пулдун 30 пайызыны төлөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Жылдыз Таалайбек кызы демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 83-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар 3000 сом айып пул төлөшү керек.
"Былтыр бул норма менен 4 126 протокол түзүлүп, 4 миллион 117 миң сом айып салынып, анын ичинен 2 миллион 502 миң сом төлөнгөн. Быйыл 9 айда 6102 протокол түзүлүп, 15 миллион 755 миң сом айып салынып, 5 миллион 854 миң сом төлөнгөн. Пайыздык көрсөткүч менен 2023-жылы 60,77 пайыз, ал эми быйыл 37,16 пайыз гана алынган", — деп жазылган негиздемесинде.
Башкача айтканда, быйыл 5-мартта айып пулдун өлчөмү 1000 сомдон 3000 сомго жогорулаганы төлөмдөрдүн азайышына таасир эткени айтылды.
"Ошондой эле төлөмдөр кечиктирилген ар бир күн үчүн 1 пайыз туум кошулат. Мында туумдун эң жогорку өлчөмү айып пулдун салынган өлчөмүнүн 100 пайыз эсебинде болушу мүмкүн, демек жалпы өлчөмү 6000 сомго жетиши мүмкүн. Бул жарандар үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн", — деген демилгечи.
Мындан улам мыйзамга өзгөртүү сунушталып, айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда. Ошондой айыптын суммасы 900 сомду түзөт. Эгерде жаран бир жыл ичинде кайрадан ушундай укук бузууга жол берсе, бул жеңилдик каралбайт.