https://sputnik.kg/20241202/1090543349.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Малекеттик салык кызматы ушул жылдын 11 айында 270 миллиард 129 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин... 02.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-02T08:59+0600
2024-12-02T08:59+0600
2024-12-02T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090543217_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7f6f17b886a7183c9371fd2695732bd6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Малекеттик салык кызматы ушул жылдын 11 айында 270 миллиард 129 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басама сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44 миллиард сомго көп. Анын ичинде 203 миллиард 801 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 2 миллиард 962 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыр ушул учурга салыштырмалуу 35 миллиард 637 миллион сомго көп жыйналды. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 66 миллиард 328 миллион сомду түздү. План 5 миллиард 603 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 8 миллиард 747 миллион сомго көп жыйналды. Ошондой эле маалыматта жыйымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү куралдардын бири болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз эсептелерин кошумчаланат.
Бишкек мэриясы башка шаарлардан, облустардан келген айдоочулар калаага кириш үчүн акча талап кылынат деген маалыматты четке какты. Муниципалитет жайында мындай сунушту Бишкектин жолдорундагы тыгынды жоюунун дагы бир ыкмасы катары айтканын, бирок шаар тургундарынын сын-пикирлерин жана коомдук пикирди эске алуу менен долбоорду талкуудан алып салышканын эске салды. Мекеме шаардык муниципалитет учурда жолдорду оңдоону, жол чырактардын иштөөсү боюнча санариптик чечимдерди кабыл алууну, автоунаа токтотуучу көп кабаттуу жайларды куруу маселесин чечүүнү карап жатканын белгиледи.
Өлкөдө ажырашуу эң аз катталган аймак Баткен облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети эң бекем нике кайсы аймакта экенин аныктоо үчүн салыштыруу жүргүзгөн. Анын натыйжасы менен ажырашуу Баткен облусунда эң аз болсо, эң көбү Нарын облусунда катталган. Аймактар боюнча бөлүштүргөндө: Баткен облусунда 1000 адамга 1,4 ажырашуу; Ош облусунда — 1,5; Жалал-Абад облусунда — 1,6; Ош шаарында — 1,7; Бишкек калаасында — 1,8; Талас облусунда — 2; Чүй облусунда — 2,1; Ысык-Көл облусунда — 2,2; Нарын облусунда 1000 адамга — 2,3 ажырашуу катталган. Республика боюнча орточо коэффициент — 1,8ди түзгөн.
Владимир Зеленский репрессиялардан жана жүз миңдеген украиналыктардын өлүмүнөн улам аброю түшүп жатат. Бул тууралуу ирландиялык журналист Чей Боуз X социалдык тармагында жазганын РИА Новости билдирди. Чей Боуз өз билдирүүсүндө Владимир Зеленский өлкөнү шайланбаган диктатор катары башкарып жатканын белгилеген. "Жүз миңдеген мекендештеринин өлүмү, чиркөөгө тыюу салды, маалымат каражаттарын басып алды жана өлкөнү шайланбаган диктатор катары башкарып жатат", - деп жазган Чей Боуз.
2-декабрь дүйшөмбүдө айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл жана Нарын дубанында 0...+5 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градуска көтөрүлөт.
Малекеттик салык кызматы ушул жылдын 11 айында 270 миллиард 129 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басама сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44 миллиард сомго көп. Анын ичинде 203 миллиард 801 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 2 миллиард 962 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыр ушул учурга салыштырмалуу 35 миллиард 637 миллион сомго көп жыйналды. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 66 миллиард 328 миллион сомду түздү. План 5 миллиард 603 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 8 миллиард 747 миллион сомго көп жыйналды. Ошондой эле маалыматта жыйымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү куралдардын бири болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз эсептелерин кошумчаланат. Бишкек мэриясы башка шаарлардан, облустардан келген айдоочулар калаага кириш үчүн акча талап кылынат деген маалыматты четке какты. Муниципалитет жайында мындай сунушту Бишкектин жолдорундагы тыгынды жоюунун дагы бир ыкмасы катары айтканын, бирок шаар тургундарынын сын-пикирлерин жана коомдук пикирди эске алуу менен долбоорду талкуудан алып салышканын эске салды. Мекеме шаардык муниципалитет учурда жолдорду оңдоону, жол чырактардын иштөөсү боюнча санариптик чечимдерди кабыл алууну, автоунаа токтотуучу көп кабаттуу жайларды куруу маселесин чечүүнү карап жатканын белгиледи. Өлкөдө ажырашуу эң аз катталган аймак Баткен облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети эң бекем нике кайсы аймакта экенин аныктоо үчүн салыштыруу жүргүзгөн. Анын натыйжасы менен ажырашуу Баткен облусунда эң аз болсо, эң көбү Нарын облусунда катталган. Аймактар боюнча бөлүштүргөндө: Баткен облусунда 1000 адамга 1,4 ажырашуу; Ош облусунда — 1,5; Жалал-Абад облусунда — 1,6; Ош шаарында — 1,7; Бишкек калаасында — 1,8; Талас облусунда — 2; Чүй облусунда — 2,1; Ысык-Көл облусунда — 2,2; Нарын облусунда 1000 адамга — 2,3 ажырашуу катталган. Республика боюнча орточо коэффициент — 1,8ди түзгөн. Владимир Зеленский репрессиялардан жана жүз миңдеген украиналыктардын өлүмүнөн улам аброю түшүп жатат. Бул тууралуу ирландиялык журналист Чей Боуз X социалдык тармагында жазганын РИА Новости билдирди. Чей Боуз өз билдирүүсүндө Владимир Зеленский өлкөнү шайланбаган диктатор катары башкарып жатканын белгилеген. "Жүз миңдеген мекендештеринин өлүмү, чиркөөгө тыюу салды, маалымат каражаттарын басып алды жана өлкөнү шайланбаган диктатор катары башкарып жатат", - деп жазган Чей Боуз. 2-декабрь дүйшөмбүдө айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл жана Нарын дубанында 0...+5 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090543217_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c4c75a1f868a8a718277179b08efb345.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио