https://sputnik.kg/20241201/1090536610.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган кооптуу тилкелерде жол кырсыктары кыйла азайды. Бул тууралуу ЖКККББнын мониторинг борборунун... 01.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-01T15:00+0600
2024-12-01T15:00+0600
2024-12-01T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/01/1090536478_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4102e225dda03fec02bd7bd1787e7dbd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган кооптуу тилкелерде жол кырсыктары кыйла азайды. Бул тууралуу ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчиси Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, долбоор жол кырсыктарын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттерин толук кандуу аткарып жатат. "Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган жерлерде жол кырсыктары кескин азайды. Камералар коюлган жерден айдоочулар жай айдап өтүшөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, унаа жай өткөн жерде жол кырсыгы болбойт. Атайын анализдер дагы аталган аппараттык-программалык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайганын көрсөтүп жатат", — деди Шабданов. Ошондой эле ал айдоочуларга "Коопсуз шаар" иштебеген жерде деле жол эрежесин сактоо керектигин эскертти.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууга Айбек Жунушалиев жана Айсен Николаев менен кошо Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов дагы катышты. Анда Бишкек менен Саха Республикасынын шаарларынын ортосундагы муниципалитеттер аралык эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Тараптар шаарды башкаруу, транспорт инфраструктурасы жана экология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Куршаб айылынан түндүк-батышка карай 2 чакырым Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Түндө Тбилисинин борборунда башаламандык болду Акциянын батышчыл катышуучулары полицияга карата “Молотов коктейлин” колдонушкан. Таңга жуук спецназ топтолгондорду Руставели проспектинен сүрүп чыгарып, тосмолорду жыйнаштырган. Катышуучулар чекесинен кармалууда.
Дональд Трамп инаугурациясына чейин Россиянын президенти Владимир Путинге телефон чалат деп эсептейт ЛДПРдин Жогорку кеңешинин мүчөсү Виктор Бут “Комсомольская правдага” берген маегинде. «Мындай байланыштар болушу керек, эки тараптын тең кызыкчылыгы болушу мүмкүн», - деген Виктор Бут. Бут Россия тарап Трамптын айтканын гана укпастан, анын иш-аракеттерине да көз салып турганын кошумчалады. Мындан тышкары, ал Москва менен Вашингтондун ортосундагы диалогдун жанданышын кийинкиге жылдырууга болбой турганын айткан. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп украин чатагын сүйлөшүү жолу менен жөнгө саларын убада кылган. Ага чейин дагы ал бир нече жолу Украинадагы жаңжалды бир күндө чече аларын айткан болчу. Ошондой эле Трамп АКШнын Украинадагы жаңжалга карата мамилесин бир нече жолу сындап, муну менен катар Зеленскийди ар бир сапары Вашингтонго миллиарддаган долларлык зыян менен аяктаган“соодагер” деп атаган.
"Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган кооптуу тилкелерде жол кырсыктары кыйла азайды. Бул тууралуу ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчиси Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, долбоор жол кырсыктарын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттерин толук кандуу аткарып жатат. "Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган жерлерде жол кырсыктары кескин азайды. Камералар коюлган жерден айдоочулар жай айдап өтүшөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, унаа жай өткөн жерде жол кырсыгы болбойт. Атайын анализдер дагы аталган аппараттык-программалык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайганын көрсөтүп жатат", — деди Шабданов. Ошондой эле ал айдоочуларга "Коопсуз шаар" иштебеген жерде деле жол эрежесин сактоо керектигин эскертти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууга Айбек Жунушалиев жана Айсен Николаев менен кошо Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов дагы катышты. Анда Бишкек менен Саха Республикасынын шаарларынын ортосундагы муниципалитеттер аралык эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Тараптар шаарды башкаруу, транспорт инфраструктурасы жана экология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти. Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Куршаб айылынан түндүк-батышка карай 2 чакырым Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Түндө Тбилисинин борборунда башаламандык болду Акциянын батышчыл катышуучулары полицияга карата “Молотов коктейлин” колдонушкан. Таңга жуук спецназ топтолгондорду Руставели проспектинен сүрүп чыгарып, тосмолорду жыйнаштырган. Катышуучулар чекесинен кармалууда.Дональд Трамп инаугурациясына чейин Россиянын президенти Владимир Путинге телефон чалат деп эсептейт ЛДПРдин Жогорку кеңешинин мүчөсү Виктор Бут “Комсомольская правдага” берген маегинде. «Мындай байланыштар болушу керек, эки тараптын тең кызыкчылыгы болушу мүмкүн», - деген Виктор Бут. Бут Россия тарап Трамптын айтканын гана укпастан, анын иш-аракеттерине да көз салып турганын кошумчалады. Мындан тышкары, ал Москва менен Вашингтондун ортосундагы диалогдун жанданышын кийинкиге жылдырууга болбой турганын айткан. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп украин чатагын сүйлөшүү жолу менен жөнгө саларын убада кылган. Ага чейин дагы ал бир нече жолу Украинадагы жаңжалды бир күндө чече аларын айткан болчу. Ошондой эле Трамп АКШнын Украинадагы жаңжалга карата мамилесин бир нече жолу сындап, муну менен катар Зеленскийди ар бир сапары Вашингтонго миллиарддаган долларлык зыян менен аяктаган“соодагер” деп атаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/01/1090536478_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c680a1ea74b8b581bc1be34823b84c34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио