00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку жана жергиликтүү соттордо гендердик балансты камсыздоого багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева коомдук талкууга чыгарган документте соттордо иштеген бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керектиги белгиленген. Судьяларды ротациялоодо бул талап милдеттүү түрдө эске алынышы зарылдыгы айтылган. Ошондой эле министрлер кабинетин куроодо дагы 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдардан түзүлбөшү керек деген талап киргизилүүдө. Демилгечилер муну менен бирге бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Анда бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпашы керек деген талапты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүү каралган. Мындан тышкары, жумуш ордундагы башка жыныстагыларга кодулоо, асылууну алдын алуу жана жоопкерчилик маселелери жазылган. Ошондой эле ишкана, мекемелерде гендердик талдоо жүргүзүп туруу зарылдыгы белгиленген.
"Ош" эл аралык аэропортунда каттамдар туманга байланыштуу кармалууда. Бул тууралуу "Манас" аба майданынан кабарлашты. Кармалган турган каттамдар: Ош — Стамбул; Ош — Екатеринбург; Ош — Домедедово; Ош — Шереметьево; Ош — Жуковский; Ош — Внуково; Ош — Эль-Кувейт, багытында 2 каттам; жана Ош — Жидда багытындагы каттам кармалып турат; Ошондой эле Ош — Бишкек багытындагы бардык каттамдар дагы абайына байланыштуу кармалууда. Бишкек — Ош каттамы кармалып жатканына байланыштуу "Асман Эйрлайнс" компаниясынын Таласка уча турган каттамы дагы кечеңдеп жатканы кошумчаланды.
Кыргыз прокуратурасынын түптөлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Башкы прокурор Максат Асаналиев салтанатта бул маанилүү учур экендигин белгиледи. Анын айтымында, көзөмөл органы мыйзамдуулуктун, жарандардын, коомчулуктун кызыкчылыктарынын сакталышына, мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, укуктук республика болушуна өзүнүн салымын кошуп келет. "Кыргыз прокуратурасы башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле 100 жыл мурда түптөлгөн.Кыйынчылыктарга, тарыхый бурулуштарга карабай мыйзамдуулуктун орношу үчүн өзүнүн милдетин так аткарып келүүдө", — деди Асаналиев. Ал соңку тогуз айда прокуратура органынын эмгегинен улам бюджетке 20 миллиард доллар суммасындагы акча кайтарылганын кошумчалады. "Прокуратура тарабынан ар кыл багытта 700гө чукул текшерүү жүрүп, мыйзам, эреже бузулган учурларды оңдош үчүн миңге чукул актылар түзүлүп, чечимдер чыгарылган", — деген ал.
Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри менен мурдагы коргоо министрин камакка алуу үчүн ордер бергенин РИА Новости жазды. Биньямин Нетаньяху менен Йоав Галлант Газадагы аскердик кылмыштарга айыпталууда. Премьердин кеңсеси мындай чечим Израилди изоляцияда калтырып, еврей мамлекетине каршы “террордук чабуулдарга” шарт түзүп берерин билдирди. Ал эми Палестина болсо муну эл аралык укукка болгон үмүт менен ишенимдин кайрадан пайда болушунан кабар берет деп эсептей турганын WAFA агенттиги жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0