https://sputnik.kg/20241120/1090297513.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу... 20.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-20T15:00+0600
2024-11-20T15:00+0600
2024-11-20T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/14/1090297381_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6bb336930171f7752091b34a469fc865.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мындай жыйым "жолдо көбүрөөк жүргөндөр көбүрөөк төлөйт" принциби менен иштейт. Мыйзам кабыл алынса Жол фондунун бюджети жети миллиард сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев парламентте айтып берди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 миллиард сомдон ашык акча түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Азыр өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында айтты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган бул иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деп аталды. "Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтарына таянсак, жакынкы мезгилдерде 57 кесип өзгөрөт. Өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту", — деди министр айым. Ал учурда жасалма интеллект адамдардын ордуна иштээрин айтты.
Кыргызстандын футбол командасы Иранга 2:3 эсеби менен жеңилип калды. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Иран 16 упай менен А тайпасында лидер бойдон калды. "Ак шумкарлар" үч упай менен бешинчи орунда. Кыргызстандык футболчулардын квалификациянын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда төрт оюн күтүп турат.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын алыска атылуучу ракеталарды колдонушу өзөктүк чыр-чатактын чыгуу кооптуулугун күчөтөрүн айтты. Өлкө лидери бул тууралу Бразилияда өткөн G20 саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. "Өзөктүк курал пайдаланылган жаңжал эч кимге пайда алып келбейт. Украина колдонуп жаткан ракеталар кырдаал эмнеге кептей турганын көрсөттү. Мындай терс жагдайларга каршы позициябызды сактоо менен тараптар тынчтыкка келүүгө ыктайт деп ишенебиз. Биз тынчтыкты камсыздоо боюнча чараларды көрө беребиз", — деди Эрдоган маалымат жыйында. Президент, мындан тышкары, Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына да көңүл бурду. Анын айтымында, бул — Москванын НАТОнун аракеттерине жооп чарасы. "Доктрина — биринчи кезекте Россиянын өзүнө каршы жасалган аракеттерге жооп иретиндеги кадамы. Документ НАТОнун расмий адамдары тарабынан каралышы керек, — деди Эрдоган. Эскерте кетсек, New York Times гезити америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн ыраакка атылуучу ракеталарды колдонууга уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, биринчи соккулар "Атакмс" ракеталары менен жасалмак. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель аталган курал менен 300 чакырым радиус аралыкка сокку урууга болорун тастыктаган.
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мындай жыйым "жолдо көбүрөөк жүргөндөр көбүрөөк төлөйт" принциби менен иштейт. Мыйзам кабыл алынса Жол фондунун бюджети жети миллиард сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев парламентте айтып берди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 миллиард сомдон ашык акча түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.Азыр өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында айтты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган бул иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деп аталды. "Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтарына таянсак, жакынкы мезгилдерде 57 кесип өзгөрөт. Өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту", — деди министр айым. Ал учурда жасалма интеллект адамдардын ордуна иштээрин айтты.Кыргызстандын футбол командасы Иранга 2:3 эсеби менен жеңилип калды. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Иран 16 упай менен А тайпасында лидер бойдон калды. "Ак шумкарлар" үч упай менен бешинчи орунда. Кыргызстандык футболчулардын квалификациянын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда төрт оюн күтүп турат.Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын алыска атылуучу ракеталарды колдонушу өзөктүк чыр-чатактын чыгуу кооптуулугун күчөтөрүн айтты. Өлкө лидери бул тууралу Бразилияда өткөн G20 саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. "Өзөктүк курал пайдаланылган жаңжал эч кимге пайда алып келбейт. Украина колдонуп жаткан ракеталар кырдаал эмнеге кептей турганын көрсөттү. Мындай терс жагдайларга каршы позициябызды сактоо менен тараптар тынчтыкка келүүгө ыктайт деп ишенебиз. Биз тынчтыкты камсыздоо боюнча чараларды көрө беребиз", — деди Эрдоган маалымат жыйында. Президент, мындан тышкары, Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына да көңүл бурду. Анын айтымында, бул — Москванын НАТОнун аракеттерине жооп чарасы. "Доктрина — биринчи кезекте Россиянын өзүнө каршы жасалган аракеттерге жооп иретиндеги кадамы. Документ НАТОнун расмий адамдары тарабынан каралышы керек, — деди Эрдоган. Эскерте кетсек, New York Times гезити америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн ыраакка атылуучу ракеталарды колдонууга уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, биринчи соккулар "Атакмс" ракеталары менен жасалмак. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель аталган курал менен 300 чакырым радиус аралыкка сокку урууга болорун тастыктаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/14/1090297381_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_023c96deadbef010f070c61ccb70c38d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио