00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Зачем детям и студентам развивать эмоциональный интеллект?
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Русский театр драмы: новые постановки и жизнь «по ту сторону кулис»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Тема дня
Зеленый Бишкек: кто ухаживает за деревьями и клумбами столицы?
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Мамонт и шерстистый носорог: что скрывала река Жыргалан?
08:05
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргыз театрынын келкели келдиби — жаңы спектаклдер, жанрлар, жаш актерлор
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Эмоциональный интеллект: зачем детям и студентам его развивать?
10:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарындагы мектепте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Жеңиш" музейи ачылды
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
«Умные» счетчики в каждом доме: как АСКУЭ изменит систему учета электроэнергии?
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Шопоков шаары Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын жана шаардын 40 жылдыгын өзгөчө белгилөөгө даярданышууда
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кан басымы төмөндөп кеткенде эмне кылуу керек? – Дарыгер менен менен маек
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Корь в Кыргызстане: как защитить детей от опасного вируса?
16:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да, талантка бай Алыкул Осмонов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Импортозамещение: сможет ли Кыргызстан прокормить себя сам?
18:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Кыргызстанда “Кулатуу” улуттук күрөшү кандай өнүктү — Эмил Токтогоновдун спорттук жетишкендиктери
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кан басымы төмөндөп кеткенде эмне кылуу керек? – Дарыгер менен менен маек
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орбан БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикадагы ролуна баа берди

© AP Photo / ODD ANDERSENВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архив
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2024
Жазылуу
Батыш өлкөлөрү дагы саммитке чогулууну пландап жатканы айтылды.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрүнүн саммити мындан 20 жыл мурун өтсө анча маанилүү окуя болмок эмес, азыр бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикадагы үлүшү Батыш мамлекеттериникинен ашып жатат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өткөн жумада Казань шаарында БРИКС — Чыгыш дүйнөсүнүн саммити өттү. Буга чейин курамында Кытай, Россия, Бразилия, Индия жана Түштүк Африка болсо, эми кеңейип саны 10дон ашып, бардыгы Казань шаарында чогулушту. 20 жыл мурда саммит маанилүү окуя болмок эмес, азыр бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикалык көрсөткүчүнүн үлүшү Батыш экономикасынан чоң", — деген Орбан.
Венгриянын премьер-министри 7-ноябрда "Батыш дүйнөсүнүн саммити", тагыраагы, европалык саясий коомчулуктун жыйыны өтө турганын билдирди. Ал иш-чараны "Венгриянын тарыхындагы эң ири дипломатиялык окуя" деп атады. Анткени Будапештке 40тан ашык өлкөнүн лидерлери, анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөрдөн тышкары Түркия, Улуу Британия, Кавказ жана Батыш Балкан мамлекеттери келет.
Орбандын айтымында, саммитте Европа атаандаштыгынын төмөндөөсү, кырдаалды жөнгө салуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ошондой эле АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөрдү сүйлөшүшөт.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан баштап БРИКСке төрагалыкты алган. Быйыл уюмга жаңы мүчөлөр кирди. Эми аталган уюмга Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет. Россиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны менен өтүүдө. Казанда БРИКСтин саммити 22-октябрдан 24-октябрга чейин созулду.
Европалык саясий коомчулуктун концепциясы Франциянын президенти Эммануэль Макронго таандык, ал 2022-жылдын майында түзүлгөн. Коомчулукка Европа биримдигине мүчө 27 өлкө, Батыш Балкан өлкөлөрү, Норвегия, Швейцария, Исландия, Лихтенштейн, Улуу Британия, Украина, Молдова, Грузия, Түркия, Армения жана Азербайжан кирет. Макрон Европага геосаясат, энергетика, инфраструктура жана транспорт сыяктуу тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн структура керек экенин белгилеген.
Минск конференциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2024
Мезенцев Минск конференциясын БРИКС диалогунун уландысы катары сыпаттады
Жаңылыктар түрмөгү
0