https://sputnik.kg/20241018/khamastyn-bashchysy-sinvardyn-akyrky-munottoru-1089551483.html
Израиль ХАМАСтын башчысы Синвардын акыркы мүнөттөрү деген видеону таратты
Израиль ХАМАСтын башчысы Синвардын акыркы мүнөттөрү деген видеону таратты
Sputnik Кыргызстан
Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын бул лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт. 18.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-18T10:20+0600
2024-10-18T10:20+0600
2024-10-18T10:54+0600
дүйнөдө
израиль
хамас
палестина
газа тилкеси
жок кылуу
жакынкы чыгыш
https://sputnik.kg/img/07e8/05/01/1084743123_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_a987523977fd9049ac94c0f284f88933.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Интернет айдыңына ХАМАСтын башчысы Яхья Синвардын кантип жок кылынганы боюнча Израиль армиясы жарыялаган видео тарады.Бул Синвардын өмүрү менен коштошконго чейинки акыркы мүнөттөрү дешти.Анда талкаланган үйдө уранды арасында отурган бетин жаап алган, аскер кийимчен адамды көрүүгө болот. Маалыматта колундагы таякка окшогон буюм менен Израилдин дронунан коргонуп жатканы айтылган.Төмөндө Синвардын өлүмү боюнча айтылган билдирүүлөрдүн маанилүүлөрүнө токтолобуз:Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын бул лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт. Ал окуяда 1,2 миңдей адам каза болуп, 200дөн ашууну барымтага алынган.Эскерте кетсек, Синвар Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин палестиналык кыймылдын башчысы болуп шайланган эле.
https://sputnik.kg/20241017/hamas-bashchysy-sinvar-gaza-tilkesinde-olturuldu-1089548916.html
израиль
палестина
газа тилкеси
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/01/1084743123_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_dfa2eb5c26c58a9182755777fc1fea30.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, хамас, палестина, газа тилкеси, жок кылуу, жакынкы чыгыш
дүйнөдө, израиль, хамас, палестина, газа тилкеси, жок кылуу, жакынкы чыгыш
Израиль ХАМАСтын башчысы Синвардын акыркы мүнөттөрү деген видеону таратты
10:20 18.10.2024 (Жаңыртылды: 10:54 18.10.2024) Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын бул лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Интернет айдыңына ХАМАСтын башчысы Яхья Синвардын кантип жок кылынганы боюнча Израиль армиясы жарыялаган видео тарады.
Бул Синвардын өмүрү менен коштошконго чейинки акыркы мүнөттөрү дешти.
Анда талкаланган үйдө уранды арасында отурган бетин жаап алган, аскер кийимчен адамды көрүүгө болот. Маалыматта колундагы таякка окшогон буюм менен Израилдин дронунан коргонуп жатканы айтылган.
Төмөндө Синвардын өлүмү боюнча айтылган билдирүүлөрдүн маанилүүлөрүнө токтолобуз:
ХАМАСтын башчысы Яхья Синварды жок кылууга АКШ жардам берген;
АКШ президенти Жозеф Байден Синвардын жүргөн жана жайгашкан жерин аңдып, билүүгө америкалык чалгын көмөктөшкөнүн айтты;
Ак үй Синвардын өлтүрүлүшүн колдой турганын билдирди;
Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель ХАМАСтын өлтүрүлгөн бул башчысы Жакынкы Чыгышта согуш отун өчүрүү аракеттерине тоскоолдук кылып келген деп
жар салып жиберди;
Мындан сырткары Синвар Европа биримдигинин террорчулар тизмесинде турганын эске салды;
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Синвардын өлүмүн ХАМАС кыймылынын Газа тилкесиндеги бийлигинин кулашындагы маанилүү доор деп атады;
ХАМАСтын жетекчисинин милдетин Палестинадан тыш жүргөн Халед Машаль аткарып жатканы айтылды;
"Ал Палестинаны коргоого багыт алган балдар менен жаштарга үлгү. Баскынчылык менен агрессия күч алып турган маалда, каршылык улана бермекчи. Себеби, шейит кеткен ал ар дайым тирүү жана күч-кубат берип кала берет", — деп айтышкан Ирандын БУУдагы миссиясынан Синвар туурасында.
Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын бул лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт. Ал окуяда 1,2 миңдей адам каза болуп, 200дөн ашууну барымтага алынган.
Эскерте кетсек, Синвар Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин палестиналык кыймылдын башчысы болуп шайланган эле.