00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
12:05
44 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Транспорт министрлиги былтыркыдан эки эсе көп айып акча топтоду

© Sputnik / Игорь ЗарембоЖүк ташуучу автоунаалар. Архив
Жүк ташуучу автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Жазылуу
Быйылкы тогуз ай ичинде мыйзам бузгандардан 86 миллион сомдон ашык акча чогулган.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан ушул жылдын тогуз ай аралыгында жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилген. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлгөн.

"Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуу эрежелеринин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке тогуз ай ичинде 86 миллион 248 226 сом айып пул түштү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 44 миллион 906 142 сом жыйналган", – деп айтылат маалыматта.

Мекемеден белгилешкендей, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пунктуларында, станцияларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз", — деп кошумчаланган маалыматта.
Товарларды автоунаага жүктөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2024
Саткан сапатсыз товарын кайра албай койгондордун айып пулу арбыйт
Жаңылыктар түрмөгү
0